Турсунбай БАКИР уулу: “Бул карындашымды сабап жатканда, айдоочусу да, жол жүргүнчүлөр да болушпаптыр!”

Турсунбай БАКИР уулу: “Бул карындашымды сабап жатканда, айдоочусу да, жол жүргүнчүлөр да болушпаптыр!”

Ушул үч жыл мурунку, андагы ИИМ министри А.Суранчиевге жазган катын ажы Турсунбай Бакир уулу бүгүн Фейсбуктагы өздүк баракчасына сүрөтү менен бул айымды жайгаштырды. Сыягы, хиджаб кийген келинди сабап кеткен, өзүн “милициямын” деп тааныштырган аял дагы деле табыла элек окшойт. Анда эмесе, 3 жыл мурунку, андагы депутаттын катын чогуу окуйлу, окурман!

“Үч жыл мурун Ак үйдү кайтарган жоокерлер бул карындашымды “Акүйгө киргизе албайбыз, жүзүн көрсөтсүн, паспорттогу сүрөтү менен салыштыралы!» деп каршы туруп алышканда, өзүм КППга барып, командири менен сүйлөшүп, анан алардан кийин мамлекеттик кароолдун эң чоңу менен сүйлөшүп, «жүзүн ачса болбойт, жүзүн гана көрө алат, бул карындашым — ушундай солиха, такыба» деп, 5-кабаттагы кабинетимде кабыл алып, даттануусун укканмын. Төмөнкү депутаттык талап-катты ИИМ министрлигине жөнөткөнмүн. Бирок, ал ушул мусулман аялды сабаган милиция аялды таба албады…
Министрге катым (окуганы оор болгондугу үчүн кечирим сураймын):
«Кыргызстандын Ички иштер министри А.Суранчиевге төмөнкү талап катты жөнөттүм. 15 жылдан бери хиджаб кийип, анын ичинен 8 жыл парда кийип Алланын өкүмүн аткарып келе жаткан, 6 баланын энеси Бейшеналиева Салтанатты 2014-жылы, 30-майда, 148-маршруткада «мен милиция кызматкеримин» деп белгисиз аял оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, башынан жоолугун сыдырып, сабап кетиптир. Маршруткада айдоочусу да, жол жүргүнчүлөр да, момун мусулман аялга болуша албаптыр! Өкүнүчтүү! Чоң кызымы да Бишкек шаарында 10 жыл мурда 5-6 «эр-азаматтар» «террористкасын» деп, жана башка жаман сөздөр менен шылдыңдаганда бирөө да толтура троллейбустан болушпай коюшуптур…

С.Бейшеналиева Таластан Арча-Бешикке келип убактынча турат. Медреседе географиядан жана Мухаммед (С.А.В.) пайгамбарыбыздын өмүр баянынан сабак берет. Күйөөсү да каары (Куранды жатка билет). Канга боелгон, кийимдери тытылган, жоолугу жок энесин көрүп, аны менен кошо жашы жетелек, мектепте окуган кыздары да сыздап ыйлашыптыр! Ким, ким ушул окуяга күбө болсо жана ошол ыймансыз «милициямын» деген аялды тааныса мага кабар берип коюңарды суранам.

Дагы бир нерсе өкүндүргөнү: Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБнин тергөөчүсү А.Ражиева «кылмыш курамы жок» деп кылмыш ишти козгоодон баш тартканы. ИИМ министри А.Суранчиевден чыдамсыздык менен жооп жана күнөөлүлөрдү табуусун жана жазаланышын күтүүдөмүн…” деп бүтүргөн ажы.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.