Турсунбек Акун бүгүн көчөгө пикетке чыгат! Эмнеге?

Турсунбек Акун бүгүн көчөгө пикетке чыгат! Эмнеге?

Бул тууралуу укук коргоочу Турсунбек Акун өзү “Азаттыкка” чалып билдириптир. Ал Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдында кыргыз-казак чек арасын ачуу талабы менен пикет өтөрүн, 5-ноябрга чейин чек ара ачылбаса, Казакстанга экономикалык чаралар көрүлүшүн талап кылышарын айтыптыр.

Турсунбек Акун кимдин заказын аткарууда?

Турсунбек Акун ал жерге чыгып эмне кылат? Чындап эле укук коргоочу болсо, Акүйдүн алдына чыкпайбы, “Атамбаев өзү барып чечип келсин!” деп. Кечээ эле Атамбаевди сындап жүрдү эле. Анан эле ажо боюнча ою президенттик шайлоонун алдында 100 пайызга өзгөрдү. Анын “мураскерин” Сооронбай Жээнбековду колдойм” деп эле шайлоодогу талапкерлигин алып салды да, Жээнбековду мактай баштады. Бул эмне деген шумдук? Бир туруп жамандап, кайра мактап. Мындай эки жүздүү, позициясы жок оомо адамды бийликке жолотпош керек! Ушинтсем эле бийликке жагып, баягы Омбудсмендик ордумду ээлейм деп жатабы? Кимдин заказын аткарып жатат?

Ким баштады?

Албетте, Атамбаев. Октябрдын башында Атамбаев казак бийлигинин дарегине бир катар сын айтып, аларды каарып өткөн. 10-октябрдан тарта Казакстан чек арасын бир тараптуу бекемдеп, текшерүүнү күчөткөн. Натыйжада Кыргызстандан Казакстанга багытталган 400 тонна жашылча-жемиш «ЕАЭБ талаптарына жооп бербейт» деген негиз менен артка кайтарылган.

Бул маселени чечүүгө президент Сочиге барып, ал жерден Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, чечип келсе болмок. Шайлоону шылтоолоп барбай, Сапар Исаковду жиберип койгон. Ал болсо балалык кылып, “Нурсултан Назарбаев менен сүйлөштүм, чечтим” деп сүрөтүн кошо чыгарып жиберип уят болгон. Казакстан тарап бул маселе чечилбегенин, жолукпаганын айтып, Исаковдун абийирин ачкан. Андан кийин деле С.Исаков Казактсандын премьер-министрине барып жолугуп, бул маселени “жакында чечилет” деген. Кана, алигүнчө чечиле элек?!

“Булгап алган шымын “сен барып жууп кел” деп Сапарды кыйнабай, өзү барсын”

Ар дайым ачык, калыс сүйлөп келген акын, конфликтолог, журналист Жыргалбек Касаболотов чек ара маселеси боюнча жакшы айткан: “Саясатчылардын жоопкерчиликсиз кадамдарынан эл кыйналып, чек арада президентин баш кылып, башкасын төш кылып сөгүп отурушат. Бир топторунун товары жарактан чыгып калды. Келишимдер бузулду. Байланыштар үзүлдү. Мына ошолор каргаса жарашат. Ошолордун каргышы катуу тийет. Чыныгы каргыш деген ошолордуку. Андан көрө, ошону ойлосун. Чек арадан нары өткөрө албаса — жок дегенде мамлекеттик органдарга арзан баада уюшкандыкта сатып алып берсин. Булгап салган шымын «сен барып жууп кел» деп Сапарды кыйнабай, өзү барып эркекче бетме-бет олтуруп сүйлөшсүн. Мамилем жакшы деген Бабановду арачыга салып, астына салып айдап барсын. Ага духу жетпесе — бул жактан туруп баатыр болгону бир тыйын” деп эң жакшы айткан. Анынсыңарындай, Атамбаев өзү барышы керек. Турсунбек Акунга окшогондор ошону айтышы керек, “барыңыз” деп. Кайра казактар менен кайраштырбай. Эки элди кайраштырган кандай адамдар булар? Маданият, этика дегенди билеби булар? Дипломатиялык мамиле жасоо керек!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.