Турсунбек АКУН: “Бардык көйгөй Бабановдон башталды”

Турсунбек АКУН: “Бардык көйгөй Бабановдон башталды”

Бүгүн укук коргоочу, ажы Турсунбек Акун Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдында кыргыз-казак чек арасын ачуу талабы менен пикетке чыгарын эртең менен жазганбыз. Эми аягын жазып коелу. Болду. Өттү. “5-ноябрга чейин чек араны ачсын, Кыргызстандын ЕАЭБден чыксын!” резолюциясын кабыл алышты.

Акундун айтуусу боюнча, бул акцияны Борбор Азиядагы адам укугу конгресси уюштуруптур. Ал бул чек ара маселесине Өмүрбек Бабановду күнөөлөдү. «Бардык көйгөй Бабановдон башталды. 15-октябрдагы президенттик шайлоонун алдында Бабанов Нурсултан Назарбаевге барып жолукпаса, мындай болмок эмес!”,-дейт ажы Акун. Президент Атамбаев жөнүндө бир да сөз жок. Кечээ эле Текебаев камакка алынганда, нааразы болгондорго кошулуп, көчөдө Атамбаевди аябай сынга алып, кыйкырып жүрбөдү беле?! Бүгүн болсо Атамбаевдин атын атоодон коркуп калыптыр. Демек, коркутуп коюшкан. Ушундай коркок, кошоматчылар картайса деле бийликке кайра барабыз деген үмүт менен арзымат болуп жүрүшөт.

Эскерте кетсек, 8-октябрда Атамбаев казак бийлигинин дарегине катуу сын айткан. Ошондон көп өтпөй кыргыз-казак чек арасында текшерүү күчөтүлүп, оор жүк ташуучу автоунааларды өткөрбөй, узун кезек пайда болгон. Бул маселе алигүнчө чечилбей келет.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.