Бабанов чет өлкөгө качып кеттиби?

Бабанов чет өлкөгө качып кеттиби?

Бүгүн, 4-ноябрда Башкы прокуратура депутат Өмүрбек Бабановго карата кылмыш ишин козгоду. Анда 28-сентябрда президенттик шайлоо өнөкөтүндө Ош шаарынын “Амир-Темир” (Он Адыр) кичирайонунда сүйлөгөн сөзүндө: “бийликти кулатууга” жана “улут аралык араздашууга” чакырган имиш. Бул массалык башаламандыкка алып келмек экен.

“Комплекстүү филологиялык-политологиялык экспертиза өткөрүлүп, Бабановдун эл алдында сүйлөгөн сөздөрү улуттар аралык жаңжалды козгоого, элди бийликке баш ийбей, аны кулатууга чакырууга багытталган” – дейт Башкы прокуратура. Буга “чөгөлөп турганча, туруп өлгөн жакшы” жана “бир милиционер өзбектерге тийишсе, ал кызматтан кетет” деген сөздөрү себеп болгон.

10-октябрдагы пресс-конференцияда саясатчынын кеңешчиси Мирсулжан Намазалиев “Бабановдун сөздөрүн кесип алып берип жатышат” деген эле. Башкы прокуратура болсо: “Бабановдун сүйлөгөн сөзү видео монтаж эмес” деп жооп бере салган.

Азыр ишти тергөөгө МУККга жөнөтүштү. Кылмыш иши эки берене боюнча козголду: “Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырык таштоо” жана улуттук, расалык жана диний араздашууну козгоо”. Бул иш боюнча аз дегенде беш жыл эркинен ажыратуу каралган.

Жогорку Кеңеште 19-октябрдан бери жок

“Шайлоонун жыйынтыктары” деген бөлүмдө, Жогорку Кеңештин протоколунда “Ө.Бабанов 19-октябрдан бери иште жок” деп жазылып турат. Сентябрь айындагы парламентте көтөрүлгөн маселелерге добуш берүүгө “Республика — Ата Журт» фракциясынын лидери катышкан эмес.

Өмүрбек БАБАНОВ: “Мен эч жакка кетпейм. Эс алыш керек болууда”

Шайлоодон кийин депутат Өмүрбек Бабанов пресс-конференция берген. Анда “чет өлкөгө кетип калбайсызбы?” деген суроо берилгенде, ал: “Өз өлкөмдөн эч жакка кетпейм. Акыркы төрт ай мен үчүн аябай оор болду: шайлоого даярдык, шайлоо учуру дегендей, эс алыш керек болууда” деп жооп берген. Андан кийин, 5 жаштагы кичинекей кызга жолугуп, белектерин бергенде, кыздын апасы: “сиз кетип калбайсызбы? Кыргызстандан кетип калат экен?” деген сөз кетүүдө деп сураганда, “Жок, мен эч жакка кетпейм”,-деген.

Бабанов азыр кайда?

Алдын ала маалыматка караганда, шайлоодон кийин эле Бабанов Чехиядагы “Карлова Вары” санаториясына кетип, эс алууда. Кыргызстандагы чек ара кызматынын булагы Kaktus.media редакциясына Бабанов Кыргызстандан Бишкек-Москва рейси менен 23-октябрда учуп кетип, ошо бойдон келе электигин айткан.

Бул маалыматтын чын-төгүн, ал азыр кайда экенин так билели деп кесиптеши, партиялашы, жакын досу, депутат Руслан Казакпаевге, кеңешчиси Мирсулжан Намазалиевге телефон чалсак, трубкаларын көтөрбөй коюшту. Бул боюнча жакында билдирүү жасашат деп ойлойбуз.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.