Айжан Акылбекова 22 айымга Элечек белек кылды

Айжан Акылбекова 22 айымга Элечек белек кылды

“Оймок Арт” улуттук кийимдер студиясынын негиздөөчүсү Айжан Акылбекованын “Элечек жумалыгы” аттуу долбооруна 22 аялзаты катышып, бүгүн жыйынтыкталды. “Супара” этно-комплекстеги боз үйүндөгү ак дасторкондун четине катышуучулар чогулуп, оюн ортого салышты.

Баарын кунт коюп уккан Айжан айым аларга бир жума кийген Элечегин белек кылып, аларды сүйүнттү. Кубанганынан айрымдарынын көздөрүнө жаш айланды. Себеби, бир жумадан кийин Элечекти кайра алмак экен.

Айымдардын эң улуусу, биз сыйлаган Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова сөз баштап, батасын берди.

-Бул мыкты долбоорду баштаган Айжан Акылбековага өзгөчө бата берет элем. Фамилияң айтып тургандай, акылдуу кыз экенсиң, кагылайын! Ак Элечек деген улуттук, өзгөчө баш кийим. “Түркмөнстан, Өзбекстанды көрүп, эмне биздин аялзаты ушулардай болуп, улуттук кийимибизди кийбейт?” деп өзүмчө бир кыжаалат болчумун. Ошол оюм ишке ашып отурат десем жаңылышпайм. Себеби, Элечекти көчөгөбү же кайсы бир жерге барба суктануу, сый-урмат менен карашат. Мисалы, мен кийип барган жерлерде мени унутуп коюшуп, Элечекти сурап жатышты. Демек, элде кызыгуу бар экен. Кызыгуу болгон жерде колдоо болот. Жаш, кары дебей кийип калышат деп ойлойм. Ал үчүн биз муну жайылтышыбыз керек. Анткени ак Элечек – бул адамды тарбиялайт. Бул баш кийим менен сен бирөө менен уруша албайсың, атүгүл жаман айтпайсың. Бул бир. Экинчи жагы –
Элечек карыны жаш, сулуу, акылдуу көрсөтөт экен. “Акүйдүн алдына барып, колтукташып, ары бери басалы” деп кыздарга айтып жатам. Эми эмне дейм, Айжан бул долбооруң ак жолтойлуу болсун! Өзүң чыгармачыл адам элең, дегеним, алгач актриса болгон, болгондо да мыкты актриса болгон. Эми турмуш деген турмуш экен, адамды башкача нукка бурат экен. “Өнөрлүү кыз эле, эми анын таланты эмне болот?” деп кесибин таштап кеткенде, аябай Айжанды ойлоп жүрдүм. Талантың акыры жарылып, мына мыкты долбоор баштадың. Өмүрлүү, бактылуу бол, кагылайын!”

Айтылуу актриса эжебиздин ак батасы кабыл болсун деп, 22 айымдын бүгүнкү Айжан белек кылган Элечеги кут болсун демекчибиз! Ак Элечегиңер башыңардан түшпөсүн, ардактуу айымдар!

Айжан Акылбекованын жана башка 20 (Айчүрөк Борукеева менен Назира Бегим чыккан) айымдын ар биринин маегин окуй аласыздар!

Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.