Назира БЕГИМ: “Элечек кийүү – мага күч-кубат берди”

Назира БЕГИМ: “Элечек кийүү – мага күч-кубат берди”

“Оймок Арт” улуттук кийимдер студиясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Айжан Акылбекованын “Элечек жумалыгы” аттуу долбооруна 22 аялзаты катышып, бүгүн жыйынтыкталганы турат. Катышуучулардын бири — Назира Бегим.

— Назира, бул долбоордо коюлган талаптын баарын аткара алдыңбы?

— Долбоорго карата коюлган талаптарды күнүгө аткардым. Эрежени бузган жокмун деп ойлойм. Себеби, башталышында Айжан эже бизге шарттарды түшүндүрүп берген. Шарт боюнча, биз элечекти бир жума бою кайда барсак кийип жүрүүбүз керек эле. Мен бир аптада көптөгөн иш-чараларга, жумушума, коомдук жайларга, концерттерге, театрга жолугушууларга элечегимди сыймыктануу менен кийип барып жаттым. Кайда барбайын, элдин кабыл алуу абдан сонун болду. Таңгалган, суктанган, кызыккан инсандар көп экен. “Абдан жарашат экен” деп каалоо-тилектерин айтып, сүрөткө түшүп жатышты.

Элечекти эртең менен жумушка баргандан баштап, жатканга чейин кийдим. Жатаарда чечип, ага аяр мамиле жасайсың дегендей. Өтө эле аяр мамиле жасап жаттык. Себеби, кыргыздын улуттук баш кийими — бийиктик, сулуулук жана аруулукту даңазаланып турат. Апаларыбыз кийип келгендиктен, Элечек көзгө жакшы көрүнөт. Апаларды кандай жакшы көрсөң, Элечекти да ошондой эле жакшы көрөсүң.

— Буга чейин элечек кийгенсиң да?

— Ооба, кийгем. Буга чейин Айжан эже уюштурган “100 жана 1 Элечекчен айым” аттуу долбооруна да катышкам.

— Күнүмдүк турмушка кийип жатасыңбы?

— Чынын айтсам, күнүмдүк турмушта кийген жокмун. Бирок, күндө кийсе болоорун түшүндүм. Бир жума башында көп күндөй сезилген, билинбей эле өтүп кетти. Бул күндөрү элечек кийүү оорчулук жараткан жок. Кайра сыймыктануу менен шаардын көчөлөрүн аралап, сейилдеп, элечегимди даңазалап жүрдүм.

— Элечекке кийим тандоо жагы кандай болду?

— Албетте, элечекке ылайыктап, атайы кийим кийүү керек! Мен бул жумалыкта элечегиме ылайыкташтырып, заманбап кийимдерди кийип жүрдүм. Кээде улуттук кийим дагы кийдим. Жумалыктын негизги максаты — ошол күнүмдүк жашообузга ыңгайлаштырып элечекти эл арасына сиңирүү эле. Анынсыңарындай, көргөндөр: “Ушинтип деле элечек менен кийсе болот экен” дешти. Атайы кийим сатып алган жокмун. Өзүмдүн кийимдерин эле элечекке ылайыктуу келди.

— Белгилүү журналист Элнура Кулуева да Элечек боюнча долбоорун жылыга ишке ашырып келет. Бул долбоорго катыштыңбы?

— Кулуева Элнура эже түзгөн, уюштурган, Ысык-Көлдө болуп өткөн “Ак Элечекчен Апалар” долбооруна түздөн түз катышкан жокмун, бирок, жардамдашып, аралашып жүрдүм.

— Эми ушул бойдон кийип жүрөсүңбү же таштап саласыңбы?

— Негизи бир жума бою кийип жүрүп, абдан көнүп алыптырмын. Чындыгында дагы деле кийип жүргүм келип жатат.

— Бир жумалык Элечек кийүү сага эмне берди?

— Бир жумалык Элечек кийүү – мага күч-кубат берди. Биздин улуттук кийим, негизи адамды жаман ойдон тазалап, жакшы жакка жетелейт экен. Бардык аялзатына ушундай жакшылыкты каалайм жана Акылбекова Айжан эжеге ыраазычылык билдирем.

Маектешкен Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.