Рита КАРАСАРТОВА: “Кыргызстандын мөңгүлөрүн сактайлы!” 

Рита КАРАСАРТОВА: “Кыргызстандын мөңгүлөрүн сактайлы!” 

Ушундай аталышта, 8-ноябрда, саат 9:00до Жогорку Кеңештин имаратынын маңдайында жыйын өтөрүн билдирди укук коргоочу Рита Карасартова. “Шаршемби күнү жыйын өткөрөбүз. Себеби, 3-күн — пленардык күн, депутаттар 3-окуудан мыйзамды өткөрүп коюшу мүмкүн. Ошондуктан, Кыргызстандын мөңгүлөрүнө кайдыгер карабаган, аны сактап калууга колдоо көрсөткөн мекенчил адамдарыбызды чакырабыз! “Кыргызстандын мөңгүлөрүн сактайлы!” аталыштагы жыйынга баарыңыздар келип, үн кошуңуздар, мекендештер!”,-дейт Рита Карасартова.

Баардыгыбыз тынчсыздана турган көйгөйлүү маселени көтөрүп жатышат. Андыктан ага кайдыгер карабаңыздар, туугандар! Келип, үн кошуңуздар!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.