Байдылда Сарногоевдин ырын бурмалаган Фейкти табышып койгула!  

Байдылда Сарногоевдин ырын бурмалаган Фейкти табышып койгула!   

Биз сыйлаган айтылуу акын Байдылда Сарногоевдин сүрөтүн коюп, ырын бурмалап, Фейсбукка жайгаштырган бала боюнча алп акындын тун кызы Гүлсана Сарногоева маданияттуу гана мындай деп жазды:

 

“Бурмалап жазганы ушундай. Мен ошол бурмалап жазган жигитке кайрылгым келет, эмне үчүн ошондойго барганынын себебин билгим келет”.

 

Саламатсыздарбы туугандар! Кечээ бир жигиттин ушул баракчага атам, акын Байдылда Сарногоевдин ыр саптарын бурмалап жазганын окугам. Бүгүн өчүрүп койгон окшойт, таппай койдум. Атамдын жазган ыр саптары төмөнкүдөй. Байдылда» аттуу китептен сүрөткө тартып алдым” деп Гүлсана эже Байдылда атабыздын өзүнүн жазган ырын берди.

Туугандар! Алп акындын ырын бурмалаган баланы таап, мыйзам чегинде жоопко тарталы! Үй-бүлөсүнүн жүрөгүн оорутуп койгон адамды таап, кечирим сураталы! Өтө пастык, уят ишке барган Фейкти табышып коюңуздар!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.