Айбек МЫРЗА: “Эртең Акүйдүн алдында митингде маанилүү нерсе айтылат”

Айбек МЫРЗА: “Эртең Акүйдүн алдында митингде маанилүү нерсе айтылат”

Активист жаран Айбек Мырза элге жарыя кылды. Ал төмөндөгүдөй:

“2017-жылдын 3-ноябрында Талас шаарында болуп өткөн Талас облусунун тургундарынын митингинде элдин күчтүү духу менен кабыл алынган чечимине ылайык, Бишкек шаарында жалпы республикалык Элдик Курултай чакыруу демилгеси көтөрүлгөн эле. Бул маселе боюнча Бишкек шаарындагы ар кайсы тармактын, аймактын, уюмдардын улуу-кичүү өкүлдөрү чогулуп сүйлөшүүлөр жүрдү. Жыйынтыгында, азыр курч маселе катары көтөрүлүп жаткан мөӊгүнү сактап калуу максатында, 8-ноябрда, саат 09.00до Ак үйдүн алдында митинг уюштурулуп жаткандыгына жана уюштуруу маселелери убакыт талап кылгандыгына байланыштуу 9-ноябрда өткөрүлө турган Жалпы Республикалык Элдик курултай качан, кайсы жерде өтөрү эртең мөӊгү маселесине арналган митингдин соңунда жарыяланат”.

Мөңгүнү сактап калуу акциясына келиңиздер! Үн кошуңуздар!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.