Алмазбек АТАМБАЕВ: “Адамдарды негизсиз басынтып, айып таккандан алыс болууга чакырам!”

Алмазбек АТАМБАЕВ: “Адамдарды негизсиз басынтып, айып таккандан алыс болууга чакырам!”

Бүгүн Маалымат жана басма сөз күнү. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Урматтуу журналисттер жана басма сөз кызматкерлери!        

Баарыбыз дүйнөнү маалымат башкарган заманда жашап жатабыз. Ар бирибиз ишибизди маалымат менен баштап, маалымат менен күндү жыйынтыктайбыз. Айтылган кабар адамдын, коомдун жана мамлекеттин маанайына, жүрүм-турумуна жана чечимине таасир эткен зор күчкө айланды.

Ал эми күндөлүк турмушубузга Интернеттин, башка социалдык түйүндөрдүн кеӊири кириши менен сөздүн, фактынын, ар кандай окуянын, кабардын мааниси ого бетер өстү. Кесипкөй журналисттер менен катар ар бир адам коомдук пикирге таасир эте алчу кудуретке ээ болуп отурат.

Кыскасы, журналистика азыр коомдук пикирди чагылдыруу менен кошо адамдардын турмушун, дегеле дүйнөнү өзгөртүүчү эбегейсиз күчкө ээ.

Кыргызстан региондо сөз сөз эркиндигинин деӊгээли боюнча сап башында келатканы талашсыз факт. Ар бир жаран ээн-эркин гезит же электрондук басылма, керек болсо телеканал ача алат. Ар бир жаран өлкөдөгү бардык окуяларга жана көрүнүштөргө өз баасын берип, ой-пикирин эркин таратып жатышат.

Маалымат булактарынын тынымсыз көбөйүшү, бардык жарандардын ой-пикирин эркин таратуу мүмкүнчүлүгү, тилекке каршы, башка бир көйгөйдү – жоопкерсиздикти жаратты. Массалык маалымат булактарынан, айрыкча социалдык түйүндөрдөн атайылап жалган кабарлар таратылып, адамдарыбыздын аброюна, ар-намысына жана иш беделине доо кетирилип жатат. Андан да жаманы мамлекетибиздин, мамлекеттик органдардын ишмердигине жана келечегине шек келтирген, көө жапкан далилсиз материалдарды  окууга мажбурбуз.

Журналистика бир гана далилдүү фактыларга таянууга тийиш. Ошондой эле атайылап коомду козутууну максат кылбаш керектиги кесиптик этикада баса белгиленген. Журналисттин сөзү курч, бирок далилдүү болушу абзел.

Айрыкча Кыргызстан сыяктуу демократия жолунда жаӊыдан ирденип келаткан өлкөлөрдө журналисттерден өзгөчө жоопкердик талап кылынат.

Албетте, кабарчынын милдети – коомдогу курч маселелерге элдин, бийликтин көӊүлүн буруу. Журналистика – коомдун санитары, анын аракети менен коом жаман адаттардан арылып, тазаланып турат. Биз маанилүү окуяларга убагында көӊүл буруп, далилдүү сөзү менен коомунун өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болгон кабарчылар менен сыймыктанабыз. Ошону менен катар кесибинен кыянат пайдаланып, атайы ниет менен көпчүлүктү козуткан, адамдарды негизсиз басынтып, айып таккандан алыс болууга чакыра кетем.

Азыр Кыргызстан үчүн тынчтык, туруктуулук, элдин ынтымагы баарынан кымбат. Ошондуктан, журналисттер да баарыбыздын Мекенибиздин келечеги үчүн жоопкердикти бөлүшүүгө милдеттүү.

Урматтуу журналисттер, майрамыңыздар кут болсун!

Баарыңыздарга чың ден соолук, бакубат өмүр, чыгармачылык жаңы ийгиликтерди каалайм!”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.