Жээнбековдун инаугурациясына чет өлкө президенттери келбейт. Эмнеге?

Жээнбековдун инаугурациясына чет өлкө президенттери келбейт. Эмнеге?

Президенттик аппараттын башчысы Алмаз Үсөновдун журналисттерге билдирүүсүнө караганда, жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземине чет өлкө президенттери чакырылбайт. Анын себебин ал: “Дүйнөлүк практиканы эске алып, инаугурацияга чет өлкө президенттери чакырылбайт. Бирок өлкөдөгү элчилердин баары чакырылат”  деп түшүндүргөн.

Инаугурация 24-ноябрда өтөт

3-ноябрда Алмазбек Атамбаев жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясын 24-ноябрга белгилөө тууралуу жарлыкка кол койгондон кийин, аны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети ошол эле күнү биринчи жыйынын өткөргөн. Жыйында уюштуруу комитетин Алмаз Үсөнов жетектей тургандыгы жана ант берүү аземи боюнча иш-чаралардын программасы, чакырылуучу коноктордун тизмеси талкууланган. Ошентип, жаңы президенттин инаугурациясы Филармонияда эмес, Резиденцияда өтмөй болду.

 “Атамбаевдин жолун улайм”

Ушул эле күнү, 3-ноябрда, азыркы, кийинки президент жолуккан. Атамбаев Жээнбековду шайланышы менен куттуктап, ага өлкө жарандары жана өзү чоң ишеним артып турганын баса белгилеп айткан. Ал эми Жээнбеков болсо, шайлоодо, шайлоодон кийин: “Мен Атамбаевдин жолун улайм” деп эле келатат. Вице-премьер-министр Зилалиев да шайлоонун алдында мамлекеттик кызматкерлерге: «Атамбаевдин жолун биздин кандидат Жээнбеков гана улайт. Андыктан ичип жаткан кудугуңарга түкүрбөгүлө!» деп күпүлдөгөн. Атамбаев кайсы жолун уларын Акүй, Атамбаев, Жээнбеков эле билбесе, биз билбейт экенбиз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.