Алтынай ӨМҮРБЕКОВА, вице-спикер: “Бабанов инсульт болду” деген кептер калп”

Алтынай ӨМҮРБЕКОВА, вице-спикер: “Бабанов инсульт болду” деген кептер калп”

Бул тууралуу “Республика — Ата Журт” фракциясынын депутаты, ЖК вице-спикери Алтынай Өмүрбекова журналисттерге билдирди. Ал Бабанов боюнча жүрүп жаткан ушактын баарын четке какты.

“Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери эч жакка качып кеткен жок. Ал учурда денсоолугун чыңдап жатат, чет жакта дарыланууда, бирок,кайсы өлкөдө экенин так билбейм. Жакын арада өз мекенине кайтып келет. “Өмүрбек Бабанов инсультка кабылды” деп айтылып жаткан кептер чындыкка дал келбейт. Балким муну каалагандар бар окшойт”,-дейт Алтынай Өмүрбекова.

Вице-спикер андан тышкары, фракция лидерине козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептейт. Бабанов Ош шаарынын Он-Адыр аймагында сүйлөгөн сөзүндө эч кандай чагымчылдык болгон эместигин баса белгиледи. Буга чейин ушул эле сөздү депутат Мирлан Жээнчороев да айткан. Мирлан мырза да Бабанов дарыланып жатканын, бирок, кайсы өлкөдө экенин билбесин жана кайтып келээрин айткан.

Эскерте кетсек, 4-ноябрда, Башкы прокуратура депутат Өмүрбек Бабановго карата кылмыш ишин козгоп, 28-сентябрда президенттик шайлоо өнөкөтүндө Ош шаарынын “Амир-Темир” (Он Адыр) кичирайонунда сүйлөгөн сөзүндө: “бийликти кулатууга” жана “улут аралык араздашууга” чакырган деген айып тагышкан.

Өмүрбек БАБАНОВ: “Ар бир адилетсиз иштин аягы жакшы бүтпөйт”

Ошол эле күнү, 4-ноябрда, Өмүрбек Бабанов өзүнө карата кылмыш ишинин козголушу боюнча Фейсбук аркылуу билдирүү тараткан. Ал төмөндөгүдөй:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүн биз баарыбыз укук коргоо органдары тарабынан мага карата ойдон чыгарылган, саясый кылмыш ишинин козголушуна күбө болдук. Мунун жалган жалаа экендиги баарыбызга маалым. Тилекке каршы, мага ушундай өзүмбилемдикке жол бербей турган реформаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк беришпеди.

Бийликтегилер бардык көйгөйлөрдүн булагы Бабанов эмес экенин түшүнбөй жатышат. Мен саясий аренадан кетсем эле өлкөдө жашоо жакшырып, маселелер чечилип кетпейт. Ар нерсеге эле мени жабыштырып, күнөөлөп, каралай берүүгө болбойт. «Ак ийилет, бирок сынбайт» дегендей, чындык эртеби, кечпи белгилүү болот.

Мен али да болсо бийлик даанышмандык кылып, бул ишти жаңылыштык катары четке кагат деп ойлойм. Бийлик куру саясат менен эмес, элибиздин турмушун жакшырта турган реформаларды жүргүзүү менен алектениши зарыл.

Ар бир адилетсиз иштин аягы жакшы бүтпөйт. Эски каталарды кайталабай, адилеттүү болууга чакырам. Болбосо өлкөдө көп жылдар бою биз кутулууга аракет кылып келген автократия кайрадан орнойт!”

Эрзат МЫРЗА

One thought on “Алтынай ӨМҮРБЕКОВА, вице-спикер: “Бабанов инсульт болду” деген кептер калп”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.