Бүгүн Акүйдүн алдында митинг болот!

Бүгүн Акүйдүн алдында митинг болот!

Бүгүн, 8-ноябрда, Акүйдүн алдында “Кыргызстандын мөңгүлөрүн сактайлы! аталышта тынчтык митинги болот. Жыйын саат 9.30да башталат. Бүгүнкү жыйынга көрүнүктүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, укук коргоочулар, активдүү жарандар жана Фейсбукта “Мөңгүлөрдөн колуңду тарт!” аттуу акциясын уюштурган жаштарыбыз катышат. Укук коргоочу Рита Карасартова мөңгүлөрүбүздү сактап калууга мындай деп чакырык таштады:

“Ак мөңгүлөрдү коргоп калууга чакырам!”

«Ак мөңгүлүү аска зоолор, талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,
Сактап келди биздин ата-бабалар
!» дегендей, биз ата-бабаларыбыз сактап келген ак мөңгүлөрдү талкалатып коебузбу? Урпактарга БИЗ эмне калтырабыз? Же мөңгүлөр кайсы бир кылмыш топтун эле менчигиби? “Атайын бийлик алмашып, башаламан болгончо өткөрүп кетели” деп жатышат. Кыргыз элинин чыккынчыларынын ысымдарын жана сүрөттөрүн аныктайлы. Бул маселени жөн калтыруу болбойт! Андыктан, четте карап турбай, келип, үн кошуңуз! Бул жыйын жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясын, УКМКны жана КР ИИМ кабарлап койдук. Кайдыгер эмес жарандарды, биздин жаныбыз менен барабар болгон баалуулуктарыбызды — мөңгүлөрдү коргоп калууга чакырам!”,-дейт укук коргоочу Рита Карасартова.

Көтөрүлүп жаткан көйгөйлүү маселеге кайдыгер карабаңыз! Келип, үн кошуңуз!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.