Бүгүнкү митинг “Парк отель” мейманканасынын алдында улантылат

Бүгүнкү митинг “Парк отель” мейманканасынын алдында улантылат

(Сүрөт «Азаттыктан» алынды)

Бүгүн Ак үйдүн алдында “Кыргызстандын мөңгүлөрүн сактап калалы!” аттуу тынчтык митинги болуп өттү. Бул митингди уюштуруучулардын бири укук коргоочу Рита Карасартова ушундай эле акцияны жума күнү, 10-ноябрда, “Парк отель” мейманканасынын алдында улантыла тургандыгын билдирди. Анын айтымында, бул маселени бүгүн, эртең Жогорку Кеңеште каралбайт. Бул тууралуу ага “Суу кодекси ЖКда каралбайт!” деп профилдик комитет билдирген экен. “Бүгүн митинг учурунда демиллгелүү топ түзүлдү. Жума күнкү өтө турган жыйынга дарданып барып, мөңгүлөрү сактап калуу керектигин далил менен билдирип, кылмыштуу демилгесин артка тартуу талабын коебуз!”,-дейт Рита Карасартова.

Ак үйдөн үн чыккан жок

Митингге келгендердин айтымында, бүгүн алар Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин башчысы Айтмамат Назаров менен жолугууга аракет кылышкан. Тилекке каршы, эч ким чыккан эмес. Назаровдун жардамчылары аларга “Суу кодексине” өзгөртүү, киргизүү маселеси боюнча 10-ноябрда, «Парк отелде» вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин катышуусу менен өтөрүн, ага каалоочулар катышып, бул боюнча ой-пикирин билдирсе болорун айтышкан.

Жогорку Кеңеш болсо…

Эскерте кетсек, 31-октябрда, «Суу кодексине» киргизилген өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети 3-окууда добуш берүүгө жөнөткөн. Эгер бул маанилүү маселе парламентте каралып, алар колдоп берип, ишке кирсе, анда Кумтөр кенин иштеткен канадалык «Центерра Голд» компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө иш жүргүзө баштайт. Кыскасы, мөңгүлөрдү талкалашат.

Экологдордун айтымында

Кумтөрдөгү жардыруулар мөңгүлөрдүн эришин тездеткенин айтып эле келатышат. Ал эми чет элдик компания болсо мөңгүнүн эришин жаратылыштагы өзгөрүүлөр менен байланыштырып келет.

Бийлик болсо кен казууга уруксат берүүнү сунуштап отурат

Албетте, бул сунуш баягы эле Өкмөттөн келген. Тагырагы, Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоор. Ал долбоордо алтын казуучу компанияларга айрым учурларда мөңгү аймактарында иш жүргүзүүгө уруксат берүүсү камтылган. Кыскасы, бийлик Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан аларда кен казууга уруксат берүүнү сунуштап отурат. Бул эмне деген бийлик, элдин, экологдордун пикирин эске албай, өз билгенин кылган. Мөңгүлөрдү сактап калуунун ордуна талкалоого жол берүүдө. Ошон үчүн “Кыргызстандын мөңгүсүнөн колуңду тарт! Сактап калалы!” деген аталышта митинг, акциялар өтүүдө.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.