ТАЛАС: “Курултай Талас шаарында өтөт”

ТАЛАС: “Курултай Талас шаарында өтөт”

Таластыктар Элдик Курултайды Бишкекте эмес, Таласта өткөрүү чечимин кабыл алышканы тууралуу  жарандык активист Адил Турдукулов журналисттерге билдирүү таратты. Анын айтымында, курултай 18-ноябрда Талас шаарында өтөт. Уюштуруучулар ага Жогорку Кеңештин депутаттарын, коомдук ишмерлерди чакырышат. Жыйында президенттин облус элинен кечирим суроо талабы жана мөңгүлөрдү коргоо сунушу жана башка дагы көйгөйлүү маселелер талкууланат.

Эскерте кетсек, 18-октябрда, Алмазбек Атамбаев студенттерге сыйлык тапшыруу аземинде Таластыктарды сынга алып, «Абыке-Көбөштүн урпактары» деп атаган. Ажонун бул сөзүнөн кийин, кечирим суроосун талап кылып келишет.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.