Айчүрөк ИМАНАЛИЕВА: “Клара Алибековага өзүм чалдым, себеби…”

Айчүрөк ИМАНАЛИЕВА: “Клара Алибековага өзүм чалдым, себеби…”

Белгилүү, атактуу ырчы Айчүрөк Иманалиева учурда Клара Алибековага ыр жаздырып, сүрөткө (фотосессия жасап) түшүрүп, көйнөк тиктирип берүүдө. Айчүрөк айымдын мындай мамилеси боюнча азыноолак маек курдук.

— Айчүрөк айым, Клара Алибековага өзүңүз чалдыңызбы же өзү жардам сурап кайрылдыбы?

— Кларанын азыркы учурдагы абалын “Ютубдагы” видеодон көрдүм. Андан ага моралдык жактан колдоо керектигин туюп, сездим. Моралдык, материалдык колдоо деген менин башымдан өткөн. Анан Кларанын телефонун таап, өзүм чалып, “Клара, турмушта өйдө-ылдый боло берет. Сен чөкпө, башыңды өйдө көтөр! Кайрадан сахнага кайт!” деп болгон кеп-кеңешимди айттым. Анан кой сөз менен эле тойгузуп койбой, иш жүзүндө кичине болсо да колдоо көрсөтөйүн деген ниетте үй-бүлөлүк бюджеттен бир костюм тиктирип берүүгө, бир ырын жаздырууга акча бөлдүм.

— Үй-бүлөлүк акча болгондон кийин, үй-бүлөңүз менен кеңештиңизби, же?

— Ооба, албетте, үй-бүлөм менен чечтим, жолдошум, балдарым менен чогуу чаран чечтик. Ырын жаздырууга Рамиске акчасын төлөп койдум. Фотосессия жасадык.

— Кларага жардам берүүңүздүн себеби бардыр, балким, бир кезде колуңузда жүрүп калбадыбы беле. Клара сизге канча жашында келип, канча жүрдү?

— Клара мага 1996-97-жылдары келген. Биринчи “Балалык” альбомун мен чыгарып бергем. Клара экөөбүз жакшы иштештик. Ага мен сапаттуу ырларды жаздырып, сахна кийимдерин тиктирип бергем. Өзү деле айтып калчу: “Сиз менен иштешип жүргөндө укмуш кийимдерди кийгем” деп. Менин колумда 7-8 айдай болду. Анан эле кетип калды. Клара кеткенде чыны капа болгом. Кетпей турса экөөбүз көп нерсени жасамакпыз. Себеби, чыгармачыл адамга көп убакыт талап кылынат. 7 ай деген өтө аз, тар убакыт. Жети ай бир табактан тамак жеп, бир үйдө чогуу жашап, ак дасторкондон даам сызып калгандан кийин, ал адамды унутпайсың. Улуу башымды кичик кылып, Кларага биринчи өзүм кол сундум. Себеби, “адамга биринчи көңүл керек, андан кийин өмүр керек” деген ыр саптарындай, бул жашоодо өмүр менен көңүл кымбат. Тирүүчүлүктө, адамдын көзүнүн тирүүсүндө колдоо көрсөтүү керек. Өтүп кеткенден кийин, акча, кийим көтөрүп баруунун керек жок. Анткени ал адамга анда анын кереги жок. Бекеринен кыргызда: “Көңүл өлүмдөн да күчтүүрөөк” деп айтылбаса керек!

Демек, Кларага кеткен чыгымыңызга өкүнбөйсүз?

— Чыгымды санагым келбейт. Адамга соопчулук кылууну акча менен ченөөгө болбойт. Кларанын өзүнө да “бир костюмуңа, бир ырыңа жардам берем” дегем. Жардам бердим, аны мен милдет кылбайм. Себеби, Кудай алдында бир чоң соопчулук иш жасадым, биринчиден. Экинчиден, Кларанын көңүлүн көтөрүп, чыгармачылыгына кайтып келүүгө кайрат бердим.

— А эмнеге кетип калды эле?

— Клара үй-бүлөсүнө каралашып турчу. Акча тартыш болгондуктан, ата-энеси чыгармачылыктан кетүүгө чечим кабыл алышты окшойт. Ата-энеси чыгарган чечимди Клара четке кага албайт да. Ошондон улам, кетүүгө аргасыз болду го деп ойлойм.

— Кларага кандай мүнөздөмө бере аласыз?

— Кларанын мүнөзү жумшак, куулук-шумдукту билбеген, жүрөгү таза кыздардын бири.

 Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

2 thoughts on “Айчүрөк ИМАНАЛИЕВА: “Клара Алибековага өзүм чалдым, себеби…”

  1. Айчүрөк, азаматсың! Көңүлү чөккөн адамдарга жасаган жакшылыктарың, миң эселеп өзүңө кайтсын!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.