Бермет БУКАШЕВА: “Башпаанек сураган адамды АКШ ТИМге айтпайт, “сатпайт” дагы…”

Бермет БУКАШЕВА: “Башпаанек сураган адамды АКШ ТИМге айтпайт, “сатпайт” дагы…”

Кечээтен бери Ренат Самудинов жубайы Элнура Молдокадырованын АКШдагы чек арасынан кармалып, убактылуу кармалуучу жайда экендиги социалдык түйүндө тарап, ал кызуу талкууга алынган. Ал маалыматты тактоо үчүн ММКлар ТИМге кайрылганда, алар алгач тактап атканын айтып, бүгүн ырасташкан. Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн айтымында, 18-октябрда алардын кармалганын, Америкага кирүүгө визасы жок болгондугун жана саясый башпаанек сурашканын АКШнын Иммиграциялык кызматы билдирген экен. Ушундай маалыматтардан кийин, учурда АКШда жашап жаткан журналист Бермет Букашева Фейсбуктагы баракчасына нааразы болуп, орус тилинде жазып чыкты. Аны кыргызчага оодарып, берип турубуз. Ал төмөндөгүдөй:

“Биздин ММКлардын дээңгелинен уялып турам. Болгондо да “дипломатиялык чөйрөдөгү булактар” деп жазып жатышат… Качан кимдир-бирөө чет өлкөдөн саясий башпаанек сураса, бул бардык тарап үчүн жашыруун маалымат, эч качан ачык айтылбайт, болгондо да башпаанек сураган өлкөдө. Алар өзүн тааныштырабы же жокпу, фейкпи же учурдагы саясый куугунтуктагыларбы, АКШ кызматы эч качан алардын аты-жөнүн биздин элчиликке, болгондо да ТИМге айтпайт, “сатпайт” дагы.

Эгер КРнын НКВДсы ар кыл ММКларга маалыматты жайып алып, анан өзүн “дипломатиялык чөйрөдөгү булактар” деп, ошол ММКлардын “дөдөйлүгүнө” ишенип артып жатса, анан журналисттер биринин артынан бири тоту куштай болуп кайталап берүүнүн кажети жок болчу. Ал эми жер тыңшаар “кгбчылар“ гана (эгерде башпаанек сурагандары чын болсо) сүйлөөшүүлөрдү тыңдагандары чын экен да. Алар туугандарына же досторуна чалышкандыр. Же электрондук почтасына кат же кол телефондоруна маалымат жазышкан. Ой, суранам, бир гана “дипломатиялык чөйрө жана элчиликтер” жөнүндө билбей туруп эч нерсе жазбагылачы…”,- дейт Бермет Букашева.

Айымкан КУЛУКЕЕВА: “МИД жөнүндө эмес, СМИ тууралуу айтып жатат”

ТИМдин расмий өкүлү Айымкан Кулукеевага Бермет Букашеванын жазганын Фейсбук аркылуу жөнөтүп, “буга эмне дейсиз?” деген суроо узатсам, мындай жооп келди: “Кызык. Эмне дешим керек? Тексти жакшылап окудуңарбы? МИД жөнүндө айткан жок да, СМИ тууралуу айтып жатат”. «ММК ТИМдин маалыматына таянып жазып жатат да» десем, «аа, рахмат«,-деди маданияттуу гана…

ММК ТИМдин маалыматына таянып жазган…

ТИМден сурап, анан анын маалыматына таянып жазып чыгышкан. Мисалы, кечээ, 8-ноябрда: “Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ренат Самудинов менен Элнура Молдокадырова АКШга мыйзамсыз барган жеринен кармалды деген маалыматты териштирип жатат. Бул тууралуу ТИМдин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди” деп кечээ, 8-ноябрда “Азаттык” жазып чыккан. Бүгүн, 9-ноябрда “Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык активист Ренат Самудинов жана жубайы Элнура Молдокадырованын АКШнын чек арасында кармалганы туурасында маалыматты тактады. Учурда кыргызстандыктар АКШнын атайын кармоочу жайында кармалууда” деп жазды “Азаттык”. Ушул эле күнү “24 kg” сайты “Ренат Самудинов жана Элнура Молдокадырованын АКШда убактылуу кармалуучу жайда экендигин Тышкы иштер министрлиги ырастады” деп жазышты. Ушундай маалыматты көпчүлүк сайт коомчулукка таратты.

Эскерте кетсек

Ренат Самудинов КСДПнын жаштар канатынын лидери болгон. Анан анын көз карашы аталган партия менен төп келбей, августта партиядан чыгарылган. Ошондон көп өтпөй анын өмүрлүк жары Элнура Молдокадырова КТРКда иштеген жеринен кеткен.

Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.