Асел ТУРДАЛИЕВА: “Элечек кийсең эч ким менен уруша албайт экенсиң”

Асел ТУРДАЛИЕВА: “Элечек кийсең эч ким менен уруша албайт экенсиң”

Айжан Акылбекова “Элечек жумалыгы” аттуу долбоор уюштуруп, ага 22 айым катышкан. Алды 80, арты 18 жашта. Буга чейин биздин сайтка эки журналист: Айчүрөк Борукеева менен Назира Бегимдин маеги чыккан. Бүгүнкү мейманыбыз – белгилүү ырчы кызыбыз Асел Турдалиева.

“Асел Турдалиеваны Элечек кийет деп ойлогон эмеспиз!” деп теңтуштары, тааныштары, атүгүл Айжан Акылбекова да ойлобоптур, анынсыңарындай, мен дагы ойлогон эмесмин. Себеби, Асел энергиясы күчтүү айым, чуркап эле жүрөт. Чуркап жүргөн адам кантип Элечек кийсин деп ишенбейсиң да. Анын үстүнө тык-тык, тез-тез баскан, студенттерге сабак берүүгө шашкан мыкты мугалим. Ырчы, актриса, мугалим менен ат жалында маек курдук.

— Асел, бул долбоорго кандайча катышып калдың: кимдир бирөө аркылуу  же Айжан өзү чакырдыбы?

— Бул долбоорго мен белгилүү продюсер Назгүл Насиева аркылуу катышып калдым. “Эже, Айжан Акылбекова “Элечек жумалыгы” аттуу долбоор уюштуруп жатат, ошого катышасызбы?” деп сурап калды. Мен аны кубаныч менен кабыл алып, катышып калдым. Айжан азаматтык кылды, бул жакшы долбоор, биз муну колдоп, жайылтышыбыз керек.

— Хиджаб кийген кыргыз кыз-келиндерге жайылтышыбыз керек го дейм?

— Албетте. Бирөөнүн кийимин даңазалаганча, өзүбүздүн кийимибизди даңазалаганыбыз жакшы да. Хиджаб кийген кыздарга канча айтабыз: “бул арабдардын кийими. Алар чөлдө ооз-мурдубузга кум кирбесин, бетибизге чачырабасын, ысыкта башыбызга күн өтпөсүн деген ниетте чүмкөнүшкөн” деп. Жок, болбой эле бети-башын чүмкөп кийингендердин катары көбөйүп баратат. Өткөндө бир тойго барып калып, бир кыздын капкара кийинип, бети-башынын баары жабык кийинип келгенин байкап калып, кейидим, күйүп кетет экенсиң. Анткени алдындагы тамакты бетин жапкан чүпүрөктү сол колу менен өйдө көтөрүп, оң колу менен ичип жатат. Бул эмне деген шумдук? Антип кийинип алсаң, анда тойго келип эмне кыласың? Качан кыргыз кызы жүзүн жапчу эле? Кырк чач кылып чачып өрүп, кыргыз кийимин кийип жүрчү эмес беле? Эми бул жерде кыздарга айта турган сөз көп. “Мода” деп өтө эле аша чаап кеткендер бар. Тойго жынсы шым кийип келгендер да бар, анысы да жыртык. Моданы түшүнөбүз, бирок, кайсы жерге кийүү керек? Менин студенттерим деле кийип келип калат. Каерге кандай кийинүү маданиятын аябай түшүндүрөм. Болбой эле кийип келгендер бар.

— Студенттериңди бир жума урушкан жоксуң да?

— (Күлүп) Элечекти чечип коюп урушуп жаттым. Студенттерди урушуп турбасаң да болбойт. Чындап эле Элечек өтө  ыйык. Сени кадимкидей тарбиялайт экен. Кийип жүргөндө ички дүйнөң башкача болот тура: башыңды өйдө көтөрүп, белиңди түздөп түптүз басат экенсиң. Кичинекей боюңду узун кылып койгондой сезилет экен. Тегерек четиң сени урматтоо менен карашат экен. Өзгөчө мырзалар караганда, өзүңдү учуп бараткан ак куудай сезет экенсиң. Бул эми тамаша.

— Машина айдаганда Элечекти чечип коюп жаттың да?

— Жок, Элечек менен эле айдап жүрдүм. Элечек менен эле айдаса болот экен. Бир жолу жол эрежесин бузуп койдум окшойт, МАИчи тосуп калды. Документтеримди даярдап жатсам, келип калды. Жаныма келгенде Элечекти көрүп чочуп кетти. Кемпир деп ойлоду окшойт. Аябай карап, таанып: “Аа Асель эже, экинчи шашпай, жай айдаңыз э” деп маданияттуу сүйлөп, Элечегимди аябай карады. Демек, Элечекти, кыргыз кийимин биздин мырзалар деле сагынып калган. Көзгө жакшы көрүнөт тимеле, бир жума Элечегимди сүйдүм.

-Студенттериңден Элечекке кызыккандар болдубу?

— Албетте, болду. (Күлүп) Ак куудай болуп созулуп эле калсам кызыгат да, атүгүл ичинен “күндө кийсе экен, урушпай калды” дегендер да болсо керек. Мисалы менин апам мен кийгенден кийин өтө кызыгып калды. Буйруса, мен апама өзү каалагандай Элечек алып берейин деп атам. Андан тышкары, биздин университеттеги мугалимдер кызыкты. Декабрдын башында буйруса, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин 50 жылдыгы болот. 50 жылдык иш-чарага 50 айым Элечек кийели деген ниетте мугалимдер заказ кылышты. 50 айымдын ичине Айжан Акылбекова экөөбүз да киребиз. Себеби, Айжан биздин университетти бүткөн. (Күлүп) Бул иш-чарага Айжан баш, мен төш болом.

— Ушул бойдон кийүүнү улантасың да?

— Кийгим келет. Эми күндө кийбесем да, аш-тойго кийип барам. Мен Элечектин түрүн кийгим келип калды. Кийимге жараша түсүн өзгөртсөм деген ой келүүдө. Мисалы жашыл же кызыл көйнөк кийсем ошого жараша Элечек кийип, анан жукараак, жеңил кылайын деп ойлоп жатам. Себеби, менин жумушум кыймылдуу да, көп кыймылдаганда тердеп кетесиң.

— Айжан убактылуу берген Элечекти силерге белек кылбадыбы, айрымдары сүйүнүчтөн көздөрүнө жаш алды. Сен белек кылат деп ойлодуң беле?

— Ойлогом. Алып жатканда “бир жумадан кийин кайра алабыз” деп эскертип берген. Бирок мен ишенген эмесмин. Себеби, Айжан андай кыз эмес. Анын үстүнө бул баш кийим. Баш кийимди белек кылат деп Айжанга башынан эле ишенгем. Аман болсун, Айжанка! Жакшы долбоор баштады, токтобосун, улансын! Ага биз дагы жардам беришибиз керек!

Маектешкен Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.