Белгилүү сатирик Михаил Задорнов каза болду

Белгилүү сатирик Михаил Задорнов каза болду

Белгилүү жазуучу-сатирик, сценарист Михаил Задорнов 69 жашында дүйнө салды. Ал акыркы күндөрү онкологиялык ооруудан, мээдеги кылкурт (рак) шишигинен кыйналып, дарылануу курсунан өткөн. Бирок, былтыр күзүндө химиотерапиядан баш тартып койгон. Чыгармачылык кечесин өткөрүп жаткан учурда эсин жоготуп жыгылып, тез жардам менен ооруканага жеткирилген. Рак деген рак экен, акыры алып кетти.

Задорнов 1948-жылы Латвияда төрөлгөн. Атасы Николай Павлович Задорнов да жазуучу, апасы Елена Мельхиоровна үй кожейкеси болгон. Өмүрүндө бир эле жолу официалдуу үйлөнгөн. Ал биринчи сүйүүсү — Велта Яновна Калнберзина, экөө 1971-жылы баш кошушкан.

“Аншлаг”, “Смехопанорама”, “Сатирический прогноз” аттуу юмордук телеберүүлөрдү алып барып, атагы чыккан кезде экинчи сүйүүсүн кезиктирет. Ал өзүнөн 16 жаш кичүү Елена Бомбина аттуу кыз болгон. Экөөнүн сүйүүсү баш кошууга, мурунку аялы менен ажырашууга алып келген. Граждандык никеде жашашып, 1990-жылы кыздуу болушкан. Ошол аялына токтолуп, андан кийин үйлөнгөн эмес. Жубайынын айтканына караганда, Михаил Задорновдун оорусун жеңил кабыл алып, өлүмгө түз караптыр. Анын акыркы сөзү өзүнүн туулуп-өскөн жерине, атасынын жанына сөөгүн коюу болуптур. Задорновдун үй-бүлөсүнө Орусия президенти Владимир Путин көңүл айтты.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.