Дүйшөнбек ЗИЛАЛИЕВ: “Мен келе калып эле мөңгүлөрдү талкалаган жокмун”

Дүйшөнбек ЗИЛАЛИЕВ: “Мен келе калып эле мөңгүлөрдү талкалаган жокмун”

Бүгүн, 10-ноябрда, саат 9дан бери “Парк отель” мейманканасында, Суу кодексине сунушталган өзгөртүүлөр боюнча тегерек стол болуп, ал катуу талкууга алынууда. Талкууга өкмөт мүчөлөрү, ЖК депутаттары, коомдук ишмерлер, укук коргоочулар, активдүү жарандар катышууда.

“Кен казуу үчүн мөңгүлөрдү жок кылууга уруксат берүү боюнча өкмөттүн сунушу туура эмес, мөңгүлөрдүн жок болушу Кыргызстандын экологиясына зыян алып келет жана Суу кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү парламент кабыл албашы керек!” деп айрым депутаттар, активдүү жарандар баса белгилеп айтышууда. Активдүү жаран Калия Молдогазиева: «Кумтөр» компаниясы буга чейин мөңгүлөрдү талкалагандыгы үчүн, болжол менен минимум 9 миллиард доллар төлөп бериш керек!”,- деп айтты.

Ал эми Өкмөттөн келген вице-премьер-министр Зилалиев: «Мен келе калып эле мөңгүлөрдү талкалаган жокмун«,-деп мыйзамдуу жагын айтпай, мөңгүлөрдүн талкаланышына күнөөм жок дегендей сүр көрсөтүп, моюн толгобой отурат.

“Митинг уюштурбай, демилгелүү топ менен иштейли”

Эскерте кетсек, 8-ноябрда, Суу кодексине өзгөртүү киргизүүнү жана мөңгүлөрдү сактап калуу талабы менен коомдук ишмерлер, укук коргоочулар, активдүү жарандар Ак үйдүн алдында тынчтык митингин өткөргөн. Алар ошондой эле талап менен 10-ноябрда “Парк отель” мейманканасынын алдында тынчтык митингин улантмак. Митинг болбой калганын укук коргоочу Рита Карасартова Фейсбуктагы баракчасына мындай деп жазган: “Урматтуу менин кайдыгер эмес мекендештерим! Кечээ болуп өткөн, «Мөңгүнү сактап калабыз» аттуу митингде балким бийлик тымызын мыйзам долбоорун өткөрүп жибербесин, деп тынчсызданып мөөнөтсүз митинг уюштурабыз дегенге токтолгонбуз. Өкмөт жактан “келгиле тегерек үстөлгө отуруп сүйлөшөлү” дешти. Парк отель” мейманканасында, ушул демилге боюнча коомдук угуу өтөт. Айта турган сөзүбүз болсо ошол жерге барып айталық. Бүгүн митинг уюштурбай, демилгелүү топ менен иштейли. Каалагандар жазгыла өзүбүзгө кошуп алып бирге иш алып барабыз. Менин тел: (0707) (0554) 620484” деп телефонун да калтырган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.