СҮЙҮНЧҮ: Атасы Москвага уурдап кеткен балдар табылды!

СҮЙҮНЧҮ: Атасы Москвага уурдап кеткен балдар табылды!

25-октябрда үч бир туугандын (улуусу — 7 жашта, аты Адеми, ортончусу — 5 жаштагы Адилет, кичүүсү — 2 жаштагы Султан) дайынсыз жоголгонун, аларды атасы Кайрат Сатаев Кыргызстандан уурдап кеткени, бул факты боюнча милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзгөнүн жазган элек. Жарым айдын ичинде балдарды милиция таап берди.

Балдардын аман-эсен Кыргызстанга кайтып келгени тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Алардын билдирүүсүндө, үч баланын атасы Кайрат Сатаев балдарын Москвага мыйзамсыз алып кетип, ошол жактан кармалып, ага Кылмыш кодексинин 353-беренеси менен («өзүм билемдик») иш козголду. Андан тышкары, ажырашып кеткен жубайы Гүлзат Шарипованы сабагандыгы үчүн дагы иши каралууда. Балдардын абалы туруктуу болгону менен медициналык кароодон өткөрүү зарылдыгын кошумчалашты.

Эскерте кетсек, балдардын энеси Гүлзат Шарипова октябрь айында дайынсыз жоголгон үч баласын табууга коомчулуктан жардам сураган. Атасы алып кеткендиги айтылган. Кайрат Сатаевди балдары менен Москвада кайыр сурап жүргөндүгүн көргөндөр милицияга кабарлаган. Балдарга эл аралык издөө жарыялангандан кийин, балдар табылып, атасы Москвадан кармалып отурат.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.