Уланбек ЖЭЭНАЛИЕВ: “Садыр Жапаровду актоо үчүн мыйзам чегинде күрөшөлү!”

Уланбек ЖЭЭНАЛИЕВ: “Садыр Жапаровду актоо үчүн мыйзам чегинде күрөшөлү!”

3-ноябрда Садыр Жапаров “Мекенчил” партиясын өткөрүү боюнча кайрылуу жолдогон. Анда: “Эми мындан аркы иштерди убактылуу жетектеп алып барып туруу үчүн Уланбек Жээналиевди “Мекенчил” партиясынын теңтөрагасы кылып дайындаймын жана ишеним көрсөтөм” деп жазылган. Бир жумадан кийин, аталган  партиясынын теңтөрагасы Уланбек Жээналиев партиянын ишенимдүү өкүлдөрүн жер жерлерге дайындап, иш баштаганы боюнча бүгүн билдирүү таратты. Билдирүүсү төмөндөгүдөй:

— Урматтуу “Мекенчилдер!”

Өзүңүздөр билгендей, лидерибиз Садыр Жапаров “келечек үчүн күрөшөм” деп соттордун адилетсиз чечими менен абакта отурат. Ошол себептен кыргыз деп чын жүрөгүнөн күйгөн элдин уулун мыйзамдуу түрдө актатып, боштондукка алып чыгуу үчүн баарыбыз биримдикте, бекем ынтымакта, жеке кызыкчылыгыбызды ишке ашырууну гана максат кылбастан чогуу күрөшөлү. Ар бирибиз жок эле дегенде өз балдарымдын, неберелеримдин, урпактарымдын, өнүккөн, бүтүн, күчтүү мекени болсун десек, таза ниетибиз менен чогуу аракет кылалы. Бизде ынтымак, биримдик, сый-урмат, бийик болуш керек. Биз азыркы учурдагы мамлекетибиздеги саясатка терең карап, дагы эле кимдир бирөөлөрдүн куралы катары колдонулуп кала бербешибиз керек!

Чейрек кылым алданып тажабадыкпы? Келгиле, ар бирибиз жандүйнөбүзгө революция жасайлы! Лидерибиз Садыр Жапаровдой болуп эрктүү бололу. Өз жолубуздан кайтпай, мекенибиздин чыныгы Мекенчил уул-кызы бололу. Тартип бар жерде гана күч болот. Ошол себептен ар бир региондорго, шаарларга, райондорго партиянын ишенимдүү өкүлдөрүн шайлап алып, тартип менен иш баштоо биринчи милдетибиз. Ар бир бекитилген өкүл менен ошол тараптын активисттери бекем мамиледе болуп, ынтымактык менен колуна кол, бутуна бут болуп чогуу иш алып барыңыздар. Ар бир жигердүү активисттерди таанып билебиз жана сыйлайбыз. Талыкпастан аракеттене берели. Эмгегиңиздердин үзүрүн ар бириңиздер кудай буюрса көрөсүздөр!

Төмөндө ар бир регионго ишеничтүү өкүл болуп дайындалган команданын тизмеси менен таанышып коюңуздар. Кайсыл бир тизмеге кирбеген региондордогу “Мекенчилдерди” кызматташууга чакырабыз!

  1. Бишкек, Чүй обл — Талант Мамытов;
  2. Ош, Ош обл — Улан Мирзалиев;
  3. Баткен обл — Санжар Аширалиев;
  4. Жалал-Абад обл — Данияр Дурусбеков;
  5. Нарын обл — Ниязбек Шаякматов;
  6. Талас обл — Азиз Жузубалиев;
  7. Ысык-көл обл — Ишенбек Курманакунов;
  8. Москва РФ — Мырзабеков Ильгиз;
  9. Екатеринбург — Жолдошов Сүйүнбек;
  10. Красноярск –
  11. Петербург –
  12. Казань — Айбек Чымынтаев;
  13. Абхазия — Турдыбаев Эрмек;
  14. Новосибирск –
  15. Астана — Сталбек Капаров;
  16. Алма-Ата — Кылычбек Тойчубеков;
  17. Чымкент — Эрнисбек Матиев;
  18. Көкшетау — Жапаров Жоодарбек;
  19. Ю-Корея — Бегматов Дүйшөбек;
  20. Турция — Бекимбетов Эрмек;
  21. Омск –

    Урматым менен,

    Мекенчилпартиясынын теңтөрагасы

    Уланбек ЖЭЭНАЛИЕВ

Саясатка жаңы кадам таштап, саясий иш баштап жаткан Уланбек Жээналиевге ийгилик каалайбыз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.