Кеңеш Курманалиева 80 жашында «Эл артистигин» алып калаар…

Кеңеш Курманалиева 80 жашында «Эл артистигин» алып калаар…

Айтылуу актер, Кыргыз Эл артисти, маркум Бакирдин Алиевдин жубайы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кеңеш Курманалиева май айында 80 жашка толуп, 80-күздү тосууда. Торколуу тою 14-ноябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөнү турат.

Кеңеш Курманалиеванын кыскача өмүр баянына токтоло кетсек, 1938-жылы 4-майда Талас облусунун Талас районуна караштуу Манас колхозунда туулган. Чыгармачылыктагы өмүр жолун 1956-жылы Жалал-Абад облусттук Т.Сатылганов атындагы облус театрынан баштаган. Биринчи ойногон ролу Н.Гоголдун «Үйлөнүү» пьесасында Дюняшка болгон. Ошондой эле эже белгилүү ырчы. Айтылуу, залкар адамдар — Ж.Шералиевдин, Атай, Муса, Шекербек аталарыбыздын ырларын жогорку деңгээлде аткарып, өз заманынын мыкты ырчысы болгон. Кеңеш Курманалиеванын аткаруусунда ондон ашуун ырлар Кыргыз радиосунун «Алтын фондунда» сакталган.

Кеңеш Курманалиева 65 жылдан бери эмгегин кыргыз элине арнап келаткан ардактуу актриса. Учурда да “чарчадым, чаалыктым” дегенди билбей, болгон күчүн Б.Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик Жаштар театрына жумшап, эмгектенип жаткан кези. 80 жылдыгына карата, 65 жылдык эмгегин эске алып, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “Кыргыз Эл артисти” наамын берип коер.

Ал эми биз эже жөнүндө кылчу кеп, жазчу сөз али алдыда. Торколуу тоюңуз кут болсун, Кеңеш эже! Арыбаңыз! Карыбаңыз!

Нази БАЯН кызы

One thought on “Кеңеш Курманалиева 80 жашында «Эл артистигин» алып калаар…

  1. Чынара Калыбекова. Актриса, акын - драматург. Кыргызстан.:

    Ырахмат НАЗИ БАЯН кызы!!! Сага чоң ыраазычылык! Силердин ишке болгон мамилеңер мени кубантат. Муну окуп, Кеңеш апабыз бир кубанып калаар. Силер айтпасаңар, силер баалап, көрүп, минтип элге жеткирбесеңер биз артисттер моюндагы жүктү көтөрүп жүрө берээрибиз чындык. Мен Кеңеш Курманалиева менен 40 жылдап бирге эмгектенип келатам. Тянь — Шань тоолорунун койнундагы М.РЫСКУЛОВ атындагы НАРЫН муздрамтеатрынан баштап булар менен бирге үзөңгүлөш келатканым мен үчүн чоң кубаныч. Булар кыдыр даарыган адамдар! Нарын театрын кеп кылганда, андагы ЗАЛКАРЛАРДЫ айтпай кое албайм. Буларды, өзүмдун баскан жолумду эстеп туруу мен үчүн зор сыймык! Убагында бул театрда СССРдин эл артисти КАПАР МЕДЕТБЕКОВ, КРнын эл артисттери: Бакирдин Алиев, Калемкаш Атамкулова, Тамара Жумакаев, Сейитказы Андабеков, Алмаз Сарлыкбеков (режиссер), Акелең Кускаков (режиссер), Замира Аклаева (режиссер) , КРнын эмгек сиңирген артисттери: Кеңеш Курманалиева, Калыйбек Назаралиев, Күмөндөр Абыловдор иштеп кетишкен.
    Ал эми учурда КРнын эл артисти Дамира Баратбаева; КРнын эмгек сиңирге артисттери: Кенжегул Мендебаиров, Бермет Өмүрова, Бурул Мамытова, Асматжан Төлөмүшова, Мамытбек Өмүралиев; Маданияттын мыкты кызматкерлери: Зарылкан Көгөева, Шахан Абдрахманова, Сапина Көгөева, Жумакун Мадемилов, Бактыгүл Каамытова, Канат Мамырканов, Данияр Турдумамбетов, ж.б. эмгектенип жатышат. Өзү эмгектенген Нарын театрын КЕҢЕШ КУРМАНАЛИЕВ апабыз ар дайым эстейт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.