Мейманканадан табылган кыздар бүгүн ата-энесине тапшырылды

Мейманканадан табылган кыздар бүгүн ата-энесине тапшырылды

Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирүү таратты. Эскерте кетсек, Бишкектеги №28 мектепте окуган 13 жаштагы Сезим Тургуналиева менен 12 жаштагы Азиза Мухамед кызы 9-ноябрда үйдөн чыккан боюнча дайынсыз жоголуп кеткен. Ал күнү мектепке барышкан эмес, телефондору да өчүк болгон. Ата-энеси милицияга кайрылгандан кийин, 11-ноябрда Оштогу «Ош нуру” мейманканасынан табылган. Бүгүн милициялар ата-энесинин колуна аман-эсен кыздарын тапшырып беришти. Окуучулар ата-энеси менен үйлөрүнө кетишти.

Милициялардын айтымында, кыздардын ден соолугу жайында. Ал эми паспорту жок окуучулардын Бишкектен Оштогу мейманканасына кандайча барып калганы боюнча иш иликтенүүдө. Алдына ала маалыматтарга караганда, окуучу кыздар ата-энелери аларды көп уруша турганын айтышкан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.