Ала Тоо аянтында Атамбаевдин 100 сүрөтү илинген көргөзмө ачылды

Ала Тоо аянтында Атамбаевдин 100 сүрөтү илинген көргөзмө ачылды

Бүгүн, 13-ноябрда, «Кыргызстан тарыхындагы алты жыл» аттуу сүрөт көргөзмөсү Ала-Тоо аянтында ачылды. Көргөзмөгө 100 сүрөт коюлган. Анда Алмазбек Атамбаевдин 6 жылда өлкөнү башкарган жылдардагы сүрөттөрү илинген. Көргөзмө бир ай болот, барып көрсөңүз болот.

Султан Досалиев деген ким?

Сүрөттөрдүн автору, президенттин жеке фотографы — Султан Досалиев. Ал 1981-жылы 1-мартта Талас облусундагы Кара-Буура районундагы Ак-Чий айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлүп, айылда эле өскөн бала. Мектепти ийгиликтүү бүткөндөн кийин, Раззаков атындагы КМТУнун телекоммуникация факультетине тапшырып, аны да ийгиликтүү аяктаган. Атайы фотограф кесипке ээ болгон эмес. Өзүнүн таланты менен ушундай даражага жеткен. Сүрөткө тартууну атасы Ташболот Досалиевден үйрөнгөн. Алгачкы фотограф ишин “Эркин Тоо” гезитинен фотокорреспондент болуп баштаган. Анан “Кабар” агенттигинде иштеген. Андан кийин Президенттин секретариатына барып калып, ал жерден Отунбаева Роза Исаковна менен таанышып, анын жеке фотографы болгон. Кийин Атамбаевдин жеке фотографы болду жана болууда. Ошентип, Султандын фотограф кесибин аркалап келатканына он жыл болду. Султан үй-бүлөлүү. Үч кыздын атасы.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.