Дастанбек ЖУМАБЕКОВ: “Улан Чолпонбаев эл эсинде түбөлүк сакталат”

Дастанбек ЖУМАБЕКОВ: “Улан Чолпонбаев эл эсинде түбөлүк сакталат”

Бүгүн, 13-ноябрда, Жогорку Кеңешинин депутаты Улан Чолпонбаевди акыркы сапарга узатуу зыянаты болуп, маркумдун сөөгү ордо калаадагы “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына ЖК спикери Дастанбек Жумабеков баштаган парламент депутаттары да катышты.

Маркумду спикер мындай деп эскерди: “Улан Сапарбекович кыска өмүрүндө кыйла барандуу иштерди жасап, өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган алгылыктуу идеялардын башында турду. Депутат катары эл көйгөйүн көп көтөрүп, өз журту үчүн жан үрөп кызмат кылды. Андыктан, анын кылган эмгеги эч унутулбайт, эл эсинде түбөлүк сактала берет”, – деди.

Эскерте кетсек, бөйрөк оорусуна байланыштуу шаардык бейтапканалардын биринде дарыланып жатып, 11-ноябрь күнү кечинде каза болгон.

Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.