Депутат Улан Чолпонбаев бүгүн акыркы сапарга узатылат

Депутат Улан Чолпонбаев бүгүн акыркы сапарга узатылат

Бүгүн, 13-ноябрда,  Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Улан Чолпонбаевдин акыркы сапарга узатуу зыйнаты болот. Маркумдун сөөгү Бишкекке коюлат.

Эскерте кетсек, 11-ноябрда каза болгон. Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, депутат У.Чолпонбаев акыркы күндөрү бөйрөгүн дарылатып жүргөн. 11-ноябрда комага түшүп, ошол эле күнү кечке маал Бишкектеги ооруканалардын биринде көз жумган.

Маркум Улан Чолпонбаевдин партиялаштарынын эскерүүсү…

2017-жылдын 11-ноябрдын кечинде 40 жаш курагында мамлекеттик жана коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштарынын депутаты Чолпонбаев Улан Сапарбекович дүйнөдөн кайтты. Узакка созулган оору – боордун циррозунан улам каза болду. Таланттуу башкаруучу, чеберлүү мамлекетчил, боорукер меценат Улан ар бирибизге өзгөчө инсан жана жакын дос болчу. Биз үчүн бул абдан кайгылуу кабар, орду толгус оор жоготуу.
Улан Чолпонбаев 1977-жылдын 22-мартында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бозучук айылында туулган. 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин «Дипломатия жана эл аралык укук» адистигин бүтүргөн. Россия Федерациясынын Президентине караштуу Плеханов атындагы эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясынын угуучусу болгон.
Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты катары Улан Чолпонбаев мамлекеттик деңгээлдеги көптөгөн мыйзам долбоорлордун автору. Шайлоочулар менен дайыма жолугушуп, баарына жардам бергенге аракет жасап келген. Мыйзам чыгаруучу ишмердүүлүктөн тышкары, Монголиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу, Ысык-Көл облусунун шахмат федерациясынын ардактуу президенти болгон.
Улан Чолпонбаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун ардактуу жараны катары таанылган. Анын себептери дагы жүйөөлүү: өзүнүн эсебинен жолдорду асфальттап, балдар үйүнө, тез жардам пунктуна унаа алып берип, жетим балдарга, согуштун жана эмгектин ветерандарына, баатыр энелерге, айыл-өкмөттөрү менен жаштарга карата кайрымдуулук иштерин уюштуруп, материалдык жардам көрсөтүп келген. Өспүрүмдөргө, жаштарга компьютердик билим берүүгө, спорт менен музыкага шыктантууга дагы көп аракеттерди жасаган. Анын бардык жакшылыктарын жазууга чындыгында кагаз бети дагы жетпейт.
Мындан тышкары, Улан Чолпонбаев тарыхий жана маданий мурастарга өзгөчө көңүл бөлгөн чыныгы кыргызстандыктын мүнөзүн дагы көрсөтө алды. Манжылы Ата жана башка маданий объектилерди кайра куруп, манасчы Шаабай Азизовдун, жазуучулар Касымаалы Жантөшөвдүн, Зуура Сооронбаеванын, ишмер Кыдыр Акенин, чыгаан комузчу Ыбырай Тумановдун жана белгилүү филолог Кусеин Карасаевдин юбилейдик мааракелерин өткөрүп келген. Алардын музейлерин куруп, реставрациялап, экспонат менен китептерге толтуруп келген. «Эгерде биз алардын мурасын унутта калтырсак, кыргыздын бүтүндѳй бир доорун унуткан болобуз» деп Улан Чолпонбаев айтып келген. Ошол эле учурда Улан Чолпонбаев азыр чыгып келаткан заманбап каармандарга дагы көмөктөрүн көрсөткөн эле: «Салам, Нью-Йорк» кинотасмасын тартууга, «Азия-Mix», «Тамашоу», «Элес» топторуна, КР эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиеванын ишаракеттерине дагы жардам берген.
Мыкты адамыбыз, партиялашыбыз дүйнөдөн кетти. Анын артында эки кичинекей кызы калды.

«Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаттарынын, секретариатынын жана командасынын атынан Улан Чолпонбаевдин туугандары менен жакындарына көңүл айтабыз. Сүйүктүү жакын адамды жоготуу абдан ачуу, ал эми жаш, таланттуу инсандардын кетиши эки эсе жүрөк ачытат экен. Жаткан жери жайлуу болсун!
Өмүрбек Бабанов
Руслан Казакбаев
Талант Мамытов
Айбек Алтынбеков
Алиярбек Абжалиев
Калдарбек Баймуратов
Экмат Байпакбаев
Кенжебек Бокоев
Акылбек Жамангулов
Мирлан Жеенчороев
Адыл Жунус уулу
Курманкул Зулушев
Болотбек Ибраимжанов
Фархат Иминов
Динара Исаева
Аида Исмаилова
Умбеталы Кыдыралиев
Махабат Мавлянова
Алтынай
Өмүрбекова
Бактыбек Райымкулов
Зарылбек Рысалиев
Максат Сабиров
Бактыбек Сыдыков
Таабалды Тиллаев
Пархат Тулендыбаев
Рада Туманбаева
Жыргалбек Турускулов

Азиз Закиров
Нурлан Акбаев
Нурлан Ералиев
Шухрат Айтиев
Жылдыз Сайдылдаева
Билим Ниязалиев
Алайбек Алымбеков
Нург
үл Кынадбекова
Нурлан Абдалиев
Чолпон Урматбекова
Канат Мидин уулу
Анарбек
Өмүрбек уулу
Асел Жапак кызы

Маркум Улан Чолпонбаевдин үй-бүлөсүнө, “Республика-Ата-Журт” партиясындагы партиялаштарына, кесиптештерине, өкүл атасы Ахматбек Келдибековго терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Эрзат МЫРЗА

 

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.