Садык ШЕР, депутат: “Карай албайм, келинчегим таарынбасын”

Садык ШЕР, депутат: “Карай албайм, келинчегим таарынбасын”

Депутат, кинорежиссер Садык Шер менен Түркиялык актриса, модель Туба Буйукустун экөө жөнүндө кеп жүрүүдө. «Туба биздин кинорежиссерду жакшы көрүп калган» деп айтышууда. Анысы чынбы, ким билсин, Садык Шер өзү Фейсбуктагы баракчасына мындай деп жазды. 

“Эх, Туба, карагат көз, карындашым,
Кай мырза сага минтип жалынбасын…
Кадалып тиктеп туруу – уруксатсыз,
Карай албайм… келинчегим таарынбасын”.

Төрт сап ыры, кызуу талкуу жаратты…

 “Абайлаңыз, балдар калбасын, ал жакта ээрчип, аталап…”

Коомдук ишмер Темирлан Сарлыкбек уулу тамаша иретинде мындай деп жазды:

“Кыдырып улам чет жерди,
Кармайсыз «сулуу эттерди».
Кылдаттаңыз ээрчитпей,
Кыргызда ушак кептерди.

Ай тамак, көздөр карагат,
Ааламда миңдеп саналат.
Абайлаңыз, балдар калбасын,
Ал жакта ээрчип, аталап”.

Ал эми төкмө акын Асылбек Маратов: “Дүйнөлүк актриса дүйнө жылдыздарына көп жолуктуңуз.  Эми бир ушуларды аралаштырып кино тартсаңыз, Кыргыз Эл үчүн чоң тарых болоор эле…” деп жазды.

Туба деген ким?

Туба Буйукустун (Tuba Buyukustun) актриса, модель. 35 жашта. Ал 1982-жылы 5-июлда Түркия мамлекетинин Стамбул шаарында төрөлүп, өскөн. Кичинекей кезинде сүрөттү жакшы тарткан. Үй жаныбарларын: ит, мышыктарды жакшы көргөн. Ошону калбай, азыркыга чейин көчөдө калган ит, мышыктарды үйүнө алып келип, багат экен. Үй-бүлөлүү. Эки жолу турмуш курган.

Туба көптөгөн кинолорго тартылган. Анын атагын “Под сенью лип” аттуу телесериалы чыгарган. Андан кийин “Аси, “Грязные деньги, лживая любовь” тасмалары ийгилик алып келген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.