“Сентябрь” телеканалы Жогорку сотко кайрылды

“Сентябрь” телеканалы Жогорку сотко кайрылды

Элдин сүйүктүү “Сентябрь» телеканалы Биринчи Май райондук соттун чечимине нааразы болуп, алар бүгүн Жогорку сотко арыз менен кайрылышты.

Эскерте кетсек, аталган телеканалга август айында Башкы прокуратура иш козгоп, аны Биринчи Май райондук соту бир заматта карап, “Сентябрды” жаап салышкан.

Башкы прокуратуранын айыбын эске сала кетсек, Ош облусунун ИИБнын мурдагы жетекчиси Абдылда Капаровдун «Жалал-Абад Сентябрь» телеканалына 2016-жылдын 29-сентябрында чыккан билдирүүсүн “экстремисттик” деп таап сотко кайрылган. Абдылда Капаровдун телеканалга берген маегинде «Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбеков 2010-жылы июнь окуяларын турукташтыруу үчүн 3 миллион доллар бөлгөн» деп айтканы бар. Ал сөзү үчүн Абдылда Капаров 4 жылга эркинен ажыратылып, учурда Нарын шаарындагы түрмөдө мөөнөтүн өтөөдө.

Көрдүңүздөрбү, бул жерде “Сентябрь” телеканалына эч тиешеси жок. Ага болбой эле, ошону шылтоолоп жаап коюшкан. “Өмүрбек Текебаевдин телеканалы” деген ниетте эле жабышкан” деген ой ошондо эле эл тарабынан айтылган, ал алигүнчө күчүндө. Акыры акыйкаттык орноп, баары ордуна келет деген ойдобуз. Бул күндөр да өтөөр, кесиптештер, чыдай туруңуздар!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.