Талгарбеков менен Султанов кайрадан камакта калышты

Талгарбеков менен Султанов кайрадан камакта калышты

Бүгүн, 13-ноябрда, Бишкек шаардык соту «Элдик парламент» кыймылынын мүчөлөрүнө карата соттук териштирүүнү жабык эшик артында карап, райондук сот чыгарган чечиминин күчүндө калтырды. Алар Бекболот Талгарбеков менен Төрөбөй Колубаев (14 жылга кесилген) жана Марат Султанов (10 жыл).

Ал эми Александр Гусев менен Тойгонбек Калматовду актады. Алар быйыл 2-августта Гусевди 6, Калматовду 5 жылга шарттуу түрдө кесүү боюнча Биринчи Май райондук соту чечим чыгарган эле. Бүгүн акталышты.

Эскерте кетсек, баары “Элдик парламент” кыймылынын мүчөлөрү, “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып менен 2016-жылдын май айында кармалып, УКМКнын тергөө абагында камакта болушкан.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.