Жээнбековдун инаугурациясына 13,1 миллион сом кетет экен…

Жээнбековдун инаугурациясына 13,1 миллион сом кетет экен…

Бул тууралуу Финансы министри Адылбек Касымов Жогорку кеңештин профилдик комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, 24-ноябрда жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынын өтүшүнө 13,1 миллион сом чыгымдалат экен. Мындай каражат бюджетте каралганын да кошумчалаган.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаевдин 2011-жылдагы 1-декабрында өткөн инаугурациясында 10 миллион сомдой кетсе, 2009-жылы Курманбек Бакиевдин инаугурациясы 20 миллион сом чыгымдалган. Аталган эки экс-президентке чет элдик президенттер келишкен. “Жээнбековго эч ким келбейт, чакырбайбыз, ушундай чечим кабыл алдык” дешкен. Өздөрүнүн эле ичип-жегенине ушунча чыгым кетеби?

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.