Адахан Мадумаров эртең Москвага учат. Эмнеге?

Адахан Мадумаров эртең Москвага учат. Эмнеге?

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, коомдук ишмер Адахан Мадумаров эртең, 15-ноябрда Москва шаарына учканы турат. Адахан Кимсанбаевич өзүнүн иш сапары менен эмес, чет жакта убактылуу жашап, иштеп жаткан мекендештерибиздин атайы чакыруусу менен баратат. Алар менен 16-ноябрда жолугушуп, суроо-жооп болот.

Бул жолугушууну “Адахан Мадумаровду колдоо” чыгармачылык тобу менен “Адахан Мадумаровду колдоо” кыймылы уюштурду. Жолугушуу ыр-музыка менен коштолуп, көңүлдүү өтөөрү күтүлүүдө. Кандай өтүп, кандай суроо берилип, эмне жооп болгону боюнча дагы кабарлайбыз.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.