Бөтөлкө менен кызды зордуктап, өлтүрүп койгон эки бажанын соту болот

Бөтөлкө менен кызды зордуктап, өлтүрүп койгон эки бажанын соту болот

Ичип отурган эки бажа көчөдө өтүп бараткан кызды зордуктап, сабап өлтүргөн. Ал экөөнүн биринин жактоочусу Бишкек шаардык сотко бүгүн арызданганын прокурор Бакыт Доктурбеков “АКиПресс” агенттигине билдирген.

Өмүр бою эркинен ажыратылган

Эскерте кетсек, буга чейин эки бажанын териштирүү ишин Биринчи Май райондук соту караган. Сот 1979-жылы туулган С. Байжан менен 1989-жылы туулган Т.Жаныбекке “1983-жылы туулган К.Н. аттуу кызды зордуктап, сабап өлтүргөн” деп айыптап, өмүр бою эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо өкүмүн чыгарган.

“Бөтөлкө менен да зордукташканы аныкталган”

Бул каргашалуу окуя ушул жылдын 10-мартында, түнкү саат 22:00 чамасында Бишкектеги “Достук” кичирайонунда болгон. Эки бажа спирт ичимдигин ичип отурганда, көчөдөн К.Н аттуу кыз өтүп баратканын көрүп, чакырышкан. Алар аны зордуктоо тууралуу сүйлөшкөн. К.Нны алгач Жаныбек чакырган. Жакын келген кызды Байжан күч менен кармап, кучактап, өпкүлөп баштаган. Каршылык көрсөткөнүнө карабай, кызды ошол жердеги үйгө алып кирип зордуктоого аракет кылышкан. Кыйкырып, катуу каршылыкка турган кызды Жаныбек сабап кирген. Башынан катуу жаракат алган кыз эс-учун жоготуп койгон кезде экөө алмак-салмак зордукташкан. Изин жашыруу үчүн кызды 100 метрдей жерге сүйрөп баратканда жабырлануучу эсине келген, экөө тепкилеп киришкен. Эсин жоготкон кызды кайрадан ар бири 10-15 мүнөттөн зордукташкан. Ал эле эмес бөтөлкө менен дагы зордуктагандары териштирүү ишинде белгилүү болгон. Райондук соттук отурумда прокурор Б.Доктурбеков ушулардын баарын айтып, айыпталуучулардын күнөөсү толук далилденгенин баса белгилеп, аларды өмүр бою эркинен ажыратууну суранган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.