Өмүрбек БАБАНОВ: “Ушактарды окудум, анын баары чындыкка туура келбейт”

Өмүрбек БАБАНОВ: “Ушактарды окудум, анын баары чындыкка туура келбейт”

Өмүрбек Бабанов «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери кызматынан кеткени боюнча кайрылуу жасады, аны НТС телеканалы аркылуу жарыялады. Анда ал мындай дейт:

 Мен азыр Кыргызстандан тышкары жактамын, саламаттыгым жайында. Ден соолугумду карап жатам. Менин саламаттыгым жөнүндө көп айың-кептерди, ушактарды окудум, анын баары чындыкка туура келбейт. Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү жана демократия үчүн баарыңыздар менен чогуу күрөшөм, ага даярмын. «Республика» партиясы жана парламенттеги «Республика-Ата Журт» фракциясы штаттык режимде иштеп жатканын билдиргим келет. Шайлоо мыйзамдарын, экономикалык жана социалдык саясатты өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорлорун кыска мөөнөттө сунуштоо үчүн биз мурдагыдан да ыкчам, жигердүү, ынтымактуу иштөөгө тийишпиз. Буга байланыштуу мен «Республика — Ата Журт» фракциясынын лидери кызматынан кетип жатам”.

Лидерликтен кетпей эле, келип, иштеп, өзүн көрсөтсө болбойлу. Алыста жатып алып эле улам бир нерсени айтып, элдин башын айлантпай…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.