Шишкебектенби же дарыданбы ууланган үч бир туугандын өлүмү аныкталууда…

Шишкебектенби же дарыданбы ууланган үч бир туугандын өлүмү аныкталууда…

Үч бир тууган шишкебектенби же дарыданбы, эмнеден каза болгону боюнча иш козголгон, ал дагы деле аныкталууда…

Эскерте кетсек, 9-ноябрда эртең менен Ташкентте дароо үч бир тууган — 7 жаштагы Муниса, 6 жаштагы Мухлиса жана 4 жаштагы Мохира ууланып каза болушкан. Күн мурун алар шишкебек жеп, кийин ичтери ооруп дары ичишкен.

Шаардык милиция өкүлүнүн айтымында, азырынча алардын шишкебектен же дарыдан көз жумганы белгисиз.

«8-ноябрь кечинде бир туугандардын кичүүсү, эртеси берки экөө ооруканада каза болушту. Азырынча алардын шишкебектен же дарыдан ууланганы белгисиз болууда. Кыздар ичкен дары дагы экспертизага жөнөтүлдү. Учурда бул иш менен Ташкент шаардык прокуратурасы алектенүүдө,» – деп билдиришкен милициядан.

Коңшуларынын айтымында, үй ээси алып келген шишкебекти үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү жегени менен үч кызынын гана ичи ооруп, аларга дарыканадан дары алып келип беришкен.

Шишкебек болобу, дары болобу, абайлап ичип, жеңиздер, туугандар!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.