Жээнбеков: “Бабанов миллиондоруна чиренген “тряпка” экен”

Жээнбеков: “Бабанов миллиондоруна чиренген “тряпка” экен”

Өмүрбек Бабановдун сөзүнө ишенип, президенттик шайлоодо добуш берип, андан соң да ага жан тартып, таластыктар бир нече жолу тынчтык митингин өткөрүштү. Алардын ичинде Бабырбек Жээнбеков да бар. Алгачкы митингге барган, кийинки, 3-ноябрдагысына барбай калганда, “Жээнбеков качып келбей койду” деп чыгышты. Көрсө, Бабырбек Жээнбеков 1-ноябрдан бери оор дартка чалдыгып, ооруканада экен.

Тагыраагы, Президент Аппаратынын жана КРнын Өкмөтүнүн клиникалык ооруканасында коомдук ишмер, юрист Бабырбек Жээнбеков 1-ноябрдан бери дарыланууда. Бүгүн барып, көрүп, диагнозун угуп, жаман абалда калдым. Айтууга ооз барбай турган, чок баскандай чочуй тургандай дарт… Чынын айтсам, кан басымым көтөрүлүп, жаман болдум. Дары сурап ичтим… Ичим ачышты… 

“Болбой баратса барам го…”

“Бу жерден айыкпасаңыз, элдик дарыгерге барыңыз. Элдик дарыгерге ишенимиңиз кандай? Ысык-Көлдө бир Жаңыл деген апа бар. Ошондой жаман ооруну айыктырат. Белгилүү эле эки журналистти айыктырыптыр. Биз да бардык, көрдүк, Кудайга шүгүр, колунун эми түштү. Жаман нерсенин баары артта калды” десем, “Бул жер эмне дейт, көрөбүз го?! Болбой баратса барам да. Элдик дарыгерди айткандар көп болууда. Көрө жатарбыз”,- деп эле саясатты сүйлөп кирди.

Бабановдо намыс жок экен, коркок турбайбы!”

Өзүнүн оорусун ойлобой, акыркы саясий окуяларды айтып кейип, өзгөчө Өмүрбек Бабановдун кылган ишине, жасап жаткан кадамына ачуусу келип олтурат.

— Өмүрбек Бабановдун “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидерлигинен баш тартышы, өлкөгө келбей, алыс жакта жатып алып билдирүү жасаганы өкүнүчтүү, өтө өкүнүчтүү. Мен аны турмушту көрдү, кагылды-согулду, өзүнүн принципиалдуу позициясына ээ болду деп ойлодум эле. Тилекке каршы, антпеди. 2010-жылдагы “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүндө Өмүрбектин адашы Өмүрбек Текебаевдин сөзүнөн улам намысына келдиби дегем. Көрсө, мен терең жаңылыптырмын. Мен эле эмес, ага ишенип добуш берген 600 миң адам да жаңылыптыр. Бабановдо намыс жок экен, коркок турбайбы. Таластыктардан айланып эле кетсин. Катуу айтсам, кечирип койсун, ал болгон миллиондоруна чиренген “тряпка” экен. Анын алсыздыгынан улам, бийлик аны каалаганындай калчап, сүйлөтүп жатат да. Бабановдун айынан оозуна алы жетпеген Атамбаев: “Абыке, Көбөштүн тукумдары”,- деди да. Бабанов үчүн да, Атамбаев үчүн да Талас элинен мен кечирим сурайм!

Ушул жерге 1-ноябрда жаттым. 3-ноябрда Таласта чогулуш болмок, ага ооруунун азабынан бара албай калдым. Мына, “18-ноябрда Таласта Элдик Курултай өтөт” деп уктум. Ага да баралбай калам го. Ушинтип ден соолук менен алышып калдым. Бу жерде Эл акыны Анатай Өмүрканов да жатат. Ал операция болгон. Жакшы болуп кетсин! — деди.

Ал аңгыча колуна укол көтөргөн дарыгер бөлмөгө кирип келип, чыгууга туура келди. “Саясатты ойлобой, өзүңүздү ойлоңуз” дегенден башка сөз таппайт экенсиң. 14 күндөн бери жаман дарт менен дарыланып жаткан Жээнбеков Бабырбек Субанович жакшы болуп кетиңиз, тезинен айыгып, сакайып чыгыңыз!

Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.