“Шамбет Кубатбековдун камакка алынышы саясий куугунтук»

“Шамбет Кубатбековдун камакка алынышы саясий куугунтук»

Деп эсептешет активист жарандар Мавлян Аскарбеков менен Айбек Мырза. Алар Шамбет Кубатбековду кармап кеткенде, ал жерге барышкан. «Таластык активист Шамбет Кубатбековду Биринчи май райондук соту 2-декабрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды»,-дейт Айбек Мырза.

Тагырагы, бүгүн, 15-ноябрда, кечки саат 19:00до активист жаран Шамбет Кубатбеков камакка алынды. Учурда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында.

Мавлян АСКАРБЕКОВ: “Мунун арты жакшылык менен бүтпөйт”

“Шамбет Кубатбековду Таластагы митингдерди уюштурганы үчүн милиция кармап кетти” деген сөз социалдык тармактарда таралган. Ал эми Мавлян Аскарбеков менен Айбек Мырза “саясий куугунтук” деп эсептейт. “Саясий куугунтук экени түшүнүктүү эле болуп турбайбы. Бийлик мыйзамды одоно бузуп, каалаган адамды камап, соттоп олтургузуп жатпайбы. Мунун арты жакшылык менен бүтпөйт”,-дейт Мавлян Аскарбеков.

ИИМ: “Кубатбековдун кармалышына Таластагы митингдин тиешеси жок”

Бул тууралуу ИИМ Басма сөз кызматы билдирди. “Шамбет Кубатбековдун кармалышына Талас шаарындагы митингдердин тиешеси жок. Ал бюджеттин каражатын максатсыз колдонгон деген шек менен кармалган. Кубатбековго Кылмыш кодексинин 308-беренеси («Бюджет каражатын мыйзамсыз колдонуу») боюнча Транспорт министрлиги мурда ачкан кылмыш ишинин негизинде колго түшкөнү ИИМге өткөрүлгөн”,-деп кошумчалаган ИИМ Басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек

3-ноябрда Талас шаарында тынчтык митинги өткөн. Андагы катышуучулар: “Президент Алмазбек Атамбаев “Абыке, Көбөштүн тукумдары” деген сөзү үчүн Таластыктардан кечирим сурасын!” деп талап кылышкан. Ошондо Шамбет Кубатбеков да бийликке ачуу чындыкты айтып, катуу сүйлөгөн. 18-ноябрда Талас шаарында Элдик Курултай өткөнү турат буйруса. Ал Курултайга Шамбет Кубатбеков катышмак. Тилекке каршы, ага жеткирбей камакка алынды. Бийликке сын айтып койгондор эле камакка алына берсе, жогоркуда Мавлян Аскарбеков айткандай, мунун арты жакшы бүтпөйт го…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.