Ырчы Сайкал Садыбакасова турмушка чыкты

Ырчы Сайкал Садыбакасова турмушка чыкты

Айтылуу “Кыз Бурак” тобунун жетекчиси, ырчы Сайкал Садыбакасова Максат Даврановго турмушка чыгып, Ала-Букага келин болду. Алардын үйлөнүү үлпөтү Ош шаарындагы “Динат” ресторанында өттү. Эки  жашка өкүл ата-эне — Асан Мансуров менен Самара Каримова болду.

Сайкал — 25 жашта. Жолдошу Максат — 29 жашта. Ал ЭлТР телеканалынын “Кутман таң» берүүсүнүн алып баруучусу, продюсер.

Сайкалдын апасы Садыбакасова Гүлшайыр эжебизге чалып, куттуктап, куда-сөөгүн сурасак: “Бир чети кубанып, бир чети ичим ачышып жатат. Кызымдын барган жеринен бак айтсын! Кудабыз, Максаттын атасы 7-класста окуп жүргөндө каза болуп калган экен. Кудагыйдын аты — Максуда. 1960-жылкы. Жолдошунан жаш калып, үч уулду чоңойтуптур. 25-октябрда үйгө келишип, Сайкалыма сөйкө салып кетишкен. Эки балам бактылуу, таалайлуу болушсун!”,-деди толкундана. Биз дагы эженин сөзүнө толук кошулуп, Максат менен Сайкалга бакыт-таалай каалайбыз. Алар бүгүн баш кошуп апаларын кубантты, эмки жылы ушул маалда балалуу болуп, бешик той берип, чоң кубанычка бөлөшсүн!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы   

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.