Академия кызматкерлерин мекемеден кууп чыгууга Сапар Исаков буйрук бериптир

Академия кызматкерлерин мекемеден кууп чыгууга Сапар Исаков буйрук бериптир

Бул тууралуу “K-news” сайты жазып чыкты. Алардын маалыматына караганда, бүгүн, 16-ноябрда, өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругу менен «Эл аралык салттуу жана эксперименталдык дары академиясынын» кызматкерлерин имараттан милициялар кууп чыгышып, эч кимди киргизбей коюшкан. Аталган академиянын жетекчиси Оморбай Нарбековдун айтымында, мындай чечимге премьер-министр 7-сентябрда эле кол койгон экен. «Эки ай мурун мекеден чыгаруу боюнча бизге кат келген, бирок, биз бул чечим менен макул болгон эмеспиз. Бул соттошо турган иш болуп калды. Биз сотко берүү үчүн адвокат жалдадык. А бүгүн милиция кызматкерлери келип, имараттын кире беришин бөгөттөп, дарыгерлердин эч кимисин өткөрбөй жатышат. Бейтаптардын тагдыры эч кимди кам кызыктырбайт экен «,- деген Нарбеков.

Аталган Академиянын ордуна Мамлекеттик кадр башкармалыгы барат экен.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Сүрөт “K-news” сайтынан алынды

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.