Бектур Асанов операция болуп, азыр абалы жакшы

Бектур Асанов операция болуп, азыр абалы жакшы

Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирген. Алардын маалыматы боюнча, Бектур Асановдун өтү ооруп, № 47 абактагы ооруканада 14-ноябрда операция болуп, операция ийгиликтүү аяктаган. Учурда анын абалы жакшы. Ал сакайганча ошол абакта болоорун аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирген. Операция болгонго чейин Б.Асанов УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жаткан.

Эскерте кетсек, Б.Асанов “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып менен былтыр мартта кармалган. Биринчи Май райондук соту быйыл 17-апрелде бул ишти карап, аны 12 жылга эркинен ажыраткан. Операция болгон күнү, 14-ноябрда, анын аппеляциялык арызын Бишкек шаардык соту караган. Анын операция болгонуна байланыштуу сот башка күнгө жылган. Кайсы күн экени азырынча белгисиз.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.