Мөңгүлөрдү талкалоо 63 депутаттын колдоосу менен өттү!

Мөңгүлөрдү талкалоо 63 депутаттын колдоосу менен өттү!

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «КРнын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 3-окууда каралып, азыр эле добушка коюлду. Жыйынга 85 депутат катышып, 63ү колдоп берди.

Аталган маселе боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Айтмамат Назаров баяндама жасаган. Ал 14-ноябрда тиешелүү жактар менен коомчулуктагы талаш-тартыштарды жаратып жаткан “Кумтөр” кениндеги Лысый, Давыдов мөңгүлөрүн жеринен барып көрүп келишкенин маалымдаган.

Мыйзам долбоорунда мөңгүлөрдүн эришин тездетүүгө таасир этүүчү көмүрдү, күлдү, майларды же башка материалдарды пайдалануучу иш-аракеттерге, ошондой эле мөңгүлөрдүн абалына таасир этиши мүмкүн болгон иш-аракеттерге жана Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнөн тышкары муз даярдоо менен байланышкан иш-аракеттерге тыюу салынаары белгиленген.

Жыйын жүрүшүндө депутат Рыскелди Момбеков сөз болуп жаткан Лысый мөңгүсү буга чейин 10%ы жок болсо, “Кумтөр” кенин иштетип бүткөндө дагы 10%ы жок болоору, 80%ы калаары болжолдонуп жатканын тактады. Ал эми Давыдов мөңгүсү иштетилип бүткөндөн кийин 30%ы калат.

Депутаттар Мирлан Бакиров, Каныбек Иманалиев жана Алтынбек Жунус уулу «Мөңгүлөрдү “Центерра” компаниясы бузган болсо, эмне үчүн аны өкмөт менен парламент мыйзамдаштырып бериши керек?!»,- деген жүйөөлөрү менен мыйзам долбооруна каршы болушту.

Депутат Исхак Масалиев КР Өкмөтү азыркы колдонуудагы мыйзамдын негизинде эле башка жолдорун таап Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомун – “Кумтөр” кенин үзгүлтүксүз иштетүүнү жүзөгө ашыруусу зарыл деген пикири менен бөлүштү. Депутат Алмамбет Шыкмаматов: «Буга чейин талкаланган мөңгүлөр үчүн “Кумтөр” кенин иштеткен компания 50-80 млн АКШ долларын төлөп берүүсүн талап кылышыбыз керек!»,- деп, мыйзам долбооруна каршы чыкты.

Ошентип, каршы чыккандар аз, колдогондор көп болуп, мыйзам долбоору өтүп кетти. Бу да болсо тарых. Мөңгүлөрдү сактабай, талкалатып, буга уруксат берген адамдар жооп берчү күнү алыс эместир!

Эрзат МЫРЗА  

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.