Нурсултан АСКАРОВ: “Издеген тууганыбыз Москвадан моргдон табылды, алып келүүгө жардам керек!”

Нурсултан АСКАРОВ: “Издеген тууганыбыз Москвадан моргдон табылды, алып келүүгө жардам керек!”

Нурсултан Аскаров аттуу мекендешибиз Фейсбуктагы баракчасына жардам сурап жазган. Ал төмөндөгүдөй:

“Кыргыз элим! Бүгүн Москвадан жаман кабар келди. 1-октябрдан бери издеп аткан тууганыбыз Ислам Кокоев моргдон табылды. Эң кайгылуусу 1-октябрь түнү балдар сабап, таштап кетишиптир. Ал таң атканча эс-учуна келе албай жатып, каза болуп калыптыр. Эртерээк, өз убагында тез жардам чакырышканда аман калмак экен!

Учурда Москвадагы кайдыгер эмес туугандар жардам берип жатышат. Бирок, моргго эле 100 миңдей төлөш керек экен. Ата-энеси баласынын сөөгүн алып келгени Москвага кетишти. Кыргызстанда аялы жана кичине баласы калды!

Туугандар, сөөктү өз жерине алып келүүгө каражат жагынан көмөктөшкөнгө жардам керек, суранабыз. Эгер жардам берем десеңиз, анда ушул номурларга чалып койсоңуздар: +79773724337 +79299936913. Насипбек!” деп жазган Нурсултан.

Туугандар, мекендешибиздин сөөгүн өз жерине алып келүүгө жардамыңыздарды аябаңыздар!

Сүрөттө: маркум Ислам Кокоев

Мекендешибиз Ислам Кокоевдин өз ажалынан эмес, канкорлордун колунан каза болгондугуна байланыштуу ата-энесине, жубайына, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.