Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы Жусупбек Шарипов Украинага элчи болду

Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы Жусупбек Шарипов Украинага элчи болду

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жусупбек Шариповду Украинага элчи кылып дайындоо боюнча сунушту жактырды. Эреже боюнча элчинин талапкерлигин президент сунуштайт. Парламенттин тийиштүү комитети колдогон соң, мамлекет башчы жарлык чыгарат. Мына бүгүн, 16-ноябрда, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев жарлыкка кол койду. Ошентип, Жусупбек Шарипов Кыргызстандын Украинадагы элчиси болуп дайындалды.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде Убактылуу ишенимдүү өкүл болуп 2016-жылдан бери Батыркан Сыргабаев иштеп жаткан. Ал эми Ж.Шарипов болсо 2014-жылдан бери Кувейт, Марокко, Иордан Хашимит жана Бахрейн королдуктарында элчи болуп иштеп келген. Учурда ал Кыргызстандын араб мамлекеттериндеги ыйгарым укуктуу элчиси болуп эмгектенет.

Жусупбек Шарипов — жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.