ТАЛАС: “Шамбет Кубатбековду бошотууну талап кылабыз!”

ТАЛАС: “Шамбет Кубатбековду бошотууну талап кылабыз!”

Бүгүн, 16-ноябрда, Таласта облустук акимчиликтин алдына жергиликтүү эл чогулду. Алар кечээ кечинде камакка алынган активист Шамбет Кубатбековду бошотуу талабы менен нааразычылык акция өткөрүштү. Жергиликтүү элди өкмөттүн облустагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Чолпон Төрөкулов кабыл алып, сүйлөштү. Таластын Кара-Буура районунан келген аз сандагы тургундары эки миң кишинин атынан келгенин, Кубатбековду бошотуу боюнча арызга эки миң кишинин колу коюлганын, анын Таластагы 3-ноябрдагы митингдерге байланыштуу камалганын айтып, аны боштондукка чыгарууну бийликке жеткирүүнү өтүнүштү. Ал эми Өкмөттүн өкүлү чогулгандарды сабырдуулукка чакырып, активисттин кармалышына митингдердин тиешеси жок экенин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, кечээ, 15-ноябрда, кечки саат 19:00до активист жаран Шамбет Кубатбеков камакка алынган. Учурда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында олтурат.

Айбек МЫРЗА: “Кубатбековду камоону мен саясий куугунтук деп ойлойм”

Активист жаран Айбек Мырза Шамбет Кубатбековдун камалышын “саясий куугунтук” деп эсептейт. «Таластык активист Шамбет Кубатбековду Биринчи май райондук соту 2-декабрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Муну мен саясий куугунтук деп эле эсептейм. Эмнеге буга чейин унчукпай келишкен? 3-ноябрда Таластагы тынчтык митингине катышып, бийликке сын айтып койгон. Ошон үчүн го деп эле ойлоп жатам»,-дейт Айбек Мырза.

Мавлян АСКАРБЕКОВ: “Мунун арты жакшылык менен бүтпөйт”

Дагы активдүү жараныбыз Мавлян Аскарбеков: “Саясий куугунтук экени түшүнүктүү эле болуп турбайбы. Бийлик мыйзамды одоно бузуп, каалаган адамды камап, соттоп олтургузуп жатпайбы. Мунун арты жакшылык менен бүтпөйт”,-дейт.

ИИМ: “Кубатбековдун кармалышына Таластагы митингдин тиешеси жок”

Бул тууралуу кечээ ИИМдин басма сөз кызматы да билдирүү тараткан. “Шамбет Кубатбековдун кармалышына Талас шаарындагы митингдердин тиешеси жок. Ал бюджеттин каражатын максатсыз колдонгон деген шек менен кармалган. Кубатбековго Кылмыш кодексинин 308-беренеси («Бюджет каражатын мыйзамсыз колдонуу») боюнча Транспорт министрлиги мурда ачкан кылмыш ишинин негизинде колго түшкөнү ИИМге өткөрүлгөн”,-деген ИИМ.

Бул кандай чечилет, көрө жатарбыз?! Алдыда, 18-ноябрда Талас шаарында Элдик Курултай өтөт. Ошондо бул маселе көтөрүлүшү мүмкүн. Бул Курултай Шамбет Кубатбеков катышып, бул бийликке катуу сын айтмак. Аттиң, ага катыштырбай, 2-декабрга чейин камак коюшту…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.