Текебаевдин адвокаттары соттордун калпын чыгарды

Текебаевдин адвокаттары соттордун калпын чыгарды

Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары Канат Хасанов менен Чынара Жакупбекова соттордун жалган жалаасын, калпын чыгарды. Ал төмөндөгүдөй.

300.000 доллар жөнүндө

  1. Выписка банка «ВТБ-24» г.Москвы по банковским счетам Л.С.Маевского (V том, 53-59-бет)
    Л.С.Маевский тергөөдө (I том, 106-бет), сотто көрсөтмө берип: «2010-жылы июль айынын аягында Москва шаарындагы «ВТБ-24» банкынан өз эсебинен 300.000 доллар нак алып, Бишкекке алып келдим, А.Модинге «Хаят» отелинин номеринде бергем» — деп айтат. Кылмыш ишинин материалындагы (V том, 53-59-бет) банктын выпискасы Л.С.Маевский 300.000 доллар нак акчаны банктан албаганын тастыктап далилдейт. Л.С.Маевскийдин бул айтканы да жалган болуп чыкты.
  2. «Манас» Эл аралык аэропорту» ААКнун директору М.Бегалиевдин УКМКга берген жооп каты жана ага тиркелген пассажирдик манифесттердин копиясы (III том, 2-173-бет)
    Бул катта 2010-жылдын 1-майынан 31-декабрына чейин “Манас” аэропорту аркылуу Ө.Текебаев, Д.Чотонов, Л.Маевский, А.Модин, С.Кутуковдун келген-кеткени боюнча толук информация берилген. Информацияда рейстин номери, учуу-келүү убагы, олтурган ордунун номерине чейин көргөзүлгөн.
  3. Документтерди кароо протоколу (VII том, 68-74-бет)
    Л.С.Маевский сотто көрсөтмө берип жатып үч жолу 2010-жылы июль айынын аягында Москвадан Бишкекке 300.000 долларды С.Кутуков алып келген, А.Модинге 300.000 долларды С.Кутуков өзү берген деп айтты. Бул да — Л.С.Маевскийдин кезектеги калпы. Пассажирдик манифесттер С.Кутуков 2010-жылы Кыргызстанга бир эле жолу, май айында (12-14-май) келгенин көргөзөт. Ошентип, 27-июль күнү С.Кутуков Москвадан Бишкекке 300.000 доллар алып келген эмес. Өзү да келген эмес.
    30-, 31-пункт 300.000 доллар болбогонун далилдейт.
  4. С.Кутуковдун көрсөтмөсү
    2017-жылдын 7-апрелинде Москва шаарында С.Кутуковду Россия Федерациясынын ФСБсынын капитаны Г.Михтаев суракка алган. Берилген суроолорго С.Кутуков мындай деп жооп берген:
    “Кыргызстанга май айларында баргам. Кыргыз Республикасынын кызмат адамдары өздөрү же өкүлдөрү аркылуу Л.С.Маевскийден же анын өкүлдөрүнөн акча сураганы мага белгисиз. Л.Маевский өзү же бирөөлөр аркылуу Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын өзүнө же алардын өкүлдөрүнө акча берилгени жөнүндө эч нерсе мага белгисиз. Кыргыз Республикасынын кайсыл гражданинине же кызмат адамына акча берилгенин билбейм” (V том, 154-155-бет).
    С.Кутуков Кыргызстанга 2010-жылдын июль айынын аягында келбегенин, эч качан 300.000 доллар Кыргызстанга алып келип, бирөөгө бербегенин тастыктады. С.Кутуков Л.Маевскийдин жалганын дагы бир жолу көргөзүп далилдеди.
  5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары А.Торутаевдин УКМКга 2017-жылдын 1-мартында жазган №25-09-11\1748 каты.
    Бул катта Бажы кызматы Л.Маевский же А.Модин 2010-жылдын 1-майынан 31-декабрына чейин Кыргызстанга чоң суммадагы нак акча алып келгени жөнүндө маалымат жок экенин билдирген.
  6. 2017-жылдын 1-мартында УКМКнын Россия Федерациясынын компетенттүү органдарына укуктук жардам көрсөтүү боюнча тапшырмасы (IV том, 27-29-бет)
    Бул тапшырмада Л.Маевский, А.Модин жана башкалар 2010-жылы Кыргызстанга июль-сентябрь айында 300.000 жана 700.000 доллар алып келгенби деп Россиянын Бажы кызматынан УКМК сураган.

Ошондой эле Россиянын органдарынан Л.Маевский (“Билайн” 007903-755-33-63, 007903-720-58-70. 007903-786-58-10) Кыргызстандан кимдер менен 2010-жылы 1-майдан 31-декабрга чейин сүйлөшкөнү жөнүндө маалымат берүүнү УКМК сураган. Бирок 7 ай өтсө да, Россия тараптан келген маалымат жок, же жашырылып көргөзүлбөй жатат. Тергөөнүн версиясына каршы болсо керек.

Чынара ЖАКУПБЕКОВА
Канат ХАСАНОВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.