Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: “Алың жетсе – ар бириң Манас болгун!”

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: “Алың жетсе – ар бириң Манас болгун!”

Көкүрөктө жаралган көпөлөктүн,
Көп жыл бою канатын көкөлөттүм.
Оюм өстү. Опол тоо боюм өстү.
Ошентсе да Эр жетип өсө элекмин.

Мен жетилбей, мага окшоп сен жетилбей,
Мезгил өттү эл күткөн эр жетилбей.
Мээлеп жүргөн коңшунун жеми болуп
Мекенибиз өксүүдө тең жетилбей.

Көптү билдим, көп иштер себеп болду,
Көк Асаба көөдөнгө желек болду.
Бүгүн мага калдыркан канаты эмес,
Бүркүттөрдүн канаты керек болду.

Көкөй кесип эл-жердин таланышы,
Көздөн учту Көкжалдын жаралышы.
Кыл чайнашкан, кылычтын мизиндеги
Кыргыз үчүн кыйчалыш заман ушу.

Улуу сөздү унуткан уландарым!
Уучу толсо уурудай кубанганым,
Уйпаланган токолдой жалдырабай
Улуу жолго бет алчы, суранганым.

Тура бербей бир нерсе кылыш керек!
Туура жолго тумандан чыгыш керек.
Шибегенин учу эмес, бүгүн бизге
Шилтегени мүрт кеткен кылыч керек.

Асылдыкты таркаткан үрөнүндө,
Азаматтын жетилген түнөгүндө,
Айкөл Манас абалкы күмбөздө эмес,
Ар бириңдин мекенчил жүрөгүңдө.

Алпкаракуш шилтеген канат болгун,
Артыңдагы балдарга сабак болгун.
Арбактарга милдетиң арта бербей
Алың жетсе ар бириң Манас болгун!

One thought on “Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: “Алың жетсе – ар бириң Манас болгун!”

  1. Жыргалбектин бул ыры Улуу Чакырык болуптур. Поэтикалык, философиялык жана тарыхий удулдардан алып караган кишиге кыраакылыктын шамы жагылгандай. Жакшы. Абдан жакшы.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.