Укпадым дебеңиз: Нурландын поэзия кечесине келиңиздер!

Укпадым дебеңиз: Нурландын поэзия кечесине келиңиздер!

Бүгүн, 17-ноябрда, Филармониянын кичи залында акын Нурлан Калыбековдун “Ыр дайра” аттуу поэзия кечеси өтөт. Саат 17:00до башталат. Кирүү акысыз. Келип, поэзия дүйнөсүнө бир сүңгүп кетиңиздер!

Нурландын“Замана” аттуу ырын алдыңыздарга тартуулап турубуз:

ЗАМАНА

Менин жолум белгилүү,
абийир менен өтөп бүтүп,
жандык аманатымды,
башатыма баруум керек оозанган.
Түшүнбөймүн силерге,
Неге жашап жүрөсүңөр бу жерде?
Жыйып эле жатасыңар,
Көр дүйнөнүн бок-сагын.
Сатасыңар бирин койбой,
Досту, жарды, эл, жерди.
О Жараткан, кечире көр пендеңди.
Наристени ал тургай,
Касапчыдай союп алып,
Бөйрөк, боор, жүрөгүн,
Сатышууда деп уктум.
О Жараткан, о Кудай,
Билбей жатат дарегиңди буларың,
Билсе эгерде, Сени да
талап алып, тоноп алып, сатышмак,
Үлүш тийбей калса кокус,
бирин-бири атышмак.
Калбай барат жер бетинде ыйыктык,
Тили менен ысымыңды айтышып,
сени коюп күрөөгө да күбөгө,
сатышууда ыйманын.
Жүрөктөрүн ээлеп алды Иблис,
Жер бетинде Сен жоксуң,
олтурасың очоюп өз тагыңда.
Түшчү жерге, десеңчи өзүң бирдеме.
Жомок кылып айттырбастан,
болоор кыяматыңды,
эртелетсең боло, бол эй, тезирээк!
Же, Сен эмне,
асманга эле жооп берип,
Жердин бетин башкарабы башкалар,
Жерди эмне кагаз бийлеп калганбы?
Кетирүүдө мезгил менин аргамды,
Чүнчүп бүттүм сатылган бул заманда.
Сөздөн айлан, эй дүйнө,
оозум барбайт сүйлөөгө.
Жаша кагаз, жашыл кагаз, көк кагаз!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.