Аялын мууздап, өрттөп жиберген киши кармалды

Аялын мууздап, өрттөп жиберген киши кармалды

36 жаштагы адам аялын эгин талаасына алып барып мууздап, андан соң бензин чачып өрттөп жиберген киши кармалганы маалым болду. Прокуратура Шерзод Сапарбаевге Кылмыш кодексинин “Атайлап киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул окуяТашкенттин Хорезм облусунда болгон. Үч баланын атасы эмне себептен мындай кадамга барганы такталууда. Туугандарынын айтымында, ал тоок чарбасын өнүктүрүү үчүн 6 миллион сум насыя алган. Ушуга байланыштуу үй-бүлөдө дайыма чыр-чатак болуп турган.

“4-ноябрда Назокат келинибиз күйөөсүнө таарынып, төркүнүнө кетип калган. 9-ноябрда биз жубайларды элдештирүүгө аракет жасадык. Алардын үч баласы – эки уул жана бир кызы бар экенин түшүндүрдүк. Бирок, бул жардам берген жок, келин күйөөсү менен элдешүүдөн баш тартты. 13-ноябрда ушундай трагедия болду”,– деген айыл активисти Давлатер Исмаилов.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.