Кубатбековдун камалышына байланыштуу бүгүнкү Курултай жылды

Кубатбековдун камалышына байланыштуу бүгүнкү Курултай жылды

Бүгүн, 18-ноябрда, Таласта Элдик Курултай өтөөрү айтылган. Ал белгисиз мөөнөткө жылганы боюнча активист жаран Мавлян Аскарбеков билдирди. Анын айтымында, Курултайды уюштуруучулардын бири Шамбет Кубатбеков  кармалгандыгына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Элдик Курултайды уюштуруучулардын бири, активист жаран Айбек Мырза: “2017-жылдын 3-ноябрында, Талас шаарында болуп өткөн Талас облусунун тургундарынын митингинде кабыл алынган чечимге ылайык, Жалпы Республикалык Элдик Курултай чакыруу демилгеси колдоого алынган. Жыйынтыгында, саясатчылар, коомдук активисттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп, 18-ноябрда Таласта Жалпы Республикалык Элдик Курултай өткөрүү чечими болгон. 
Тилекке каршы, Таластык активисттерге бийлик тарабынан куугунтуктар токтогон жок. Тескерисинче, күчөп Таластык активист Кубатбеков Шамбет байкени камакка алышты. Көптөгөн саясатчылар, депутаттар, коомдук ишмерлер өздөрүнүн кайдыгерлигин, коркоктун көрсөтүп жатышат. Бизге келип түшкөн аксакалдардын сунушун эске алып, Жалпы Республикалык Элдик Курултайды белгисиз мөөнөткө жылдыруу чечимин кабыл алдык. Кыргызстандагы Улуттук Мекенчил Күчтөрдүн Биримдигине Жалпы Республикалык Элдик Курултай өткөрүү сунушу менен кайрылабыз
”,-дейт.

Эскерте кетсек, 15-ноябрда, кечки саат 19:00до таластык активист жаран Шамбет Кубатбеков камакка алынып, Биринчи май райондук соту 2-декабрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Кубатбеков учурда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында олтурат. Ш.Кубатбековдун кармалышын туугандары, тарапташтары жана Мавлян Аскарбеков менен Айбек Мырза “саясий куугунтук” деп эсептейт.

Эрзат МЫРЗА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.