Султан Раев Швецияда баш байге алып, көзүнө жаш алды…

Султан Раев Швецияда баш байге алып, көзүнө жаш алды…

Бүгүн, 18-ноябрда, Швеция мамлекетинин Стокгольм шаарында Улоф Пальма атындагы Маданий Ордодо эл аралык адабий конкурс жыйынталды. Аталган конкурска 38 өлкөдөн 1600 акын-жазуучу катышты. Кыргызстандан Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев «Потоп» ( кырг.»Топон», анг.»Flood») романы менен ат салышып, 1-орунга ээ болду. Биринчи орун менен кошо Нобель сыйлыгынын лауреаты Генрик Сенкевич атындагы эл аралык сыйлыкты да алды.

Сыйлык алган Кыргыз эл жазуучубуз сүйүнчүлөп:

“Мен катышкан “Крупная проза» категориясына 347 роман жана повесттер келип түшүптүр. «Биринчи орун «Потоп» ((кырг.»Топон», анг.»Flood») романы Султан Раев — Кыргызстан!» деп жарыялаганда, өз өлкөмдүн аты ошончо дүйнө өлкөлөрүнүн арасынан аталгандыгын укканымда, чынын айтсам, көзүмө жаш алдым. Биринчи орун менен кошо Нобель сыйлыгынын лауреаты Генрик Сенкевич атындагы эл аралык сыйлыкты да тапшырды”,-деп Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Абдан жакшы кабар. Кубанып жатабыз. Султан Акимовичти сыйлыгы менен куттуктайбыз! Агай, сыйлык – сиздики, сыймык –биздики!

Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

One thought on “Султан Раев Швецияда баш байге алып, көзүнө жаш алды…

  1. Калыбекова Чынар. Актриса, акын - драматург.:

    Султан калемдештим! Сенин «Топон» романың минтип сыйлыкка ээ болгонун угуп кимдер гана кубанбай койгон жок. Сыйлык сеники болсо, сыймыгы биздики! Бүтүндөй кыргыз элиники! АНдыктан сага ден соолдук, чыгармачылык ийгиликтерди жана да өмүр каалайм. Бар болгун замандашым!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.